Кыргызстанда 900гө жакын коронавируска каршы эмдөө пункту ачылды — Республикалык штаб

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын башчысы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова брифинг учурунда Кыргызстанда калкты коронавируска каршы массалык эмдөө башталганын кабарлады.

Белгилүү болгондой, 11-июлда өлкөгө Кытайдө өндүрүлгөн Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясы келип түшкөн — бул 1 млн 250 миң доза.

Бакашованын айтымында, азыр өлкө бийлиги дагы 1 млн 250 миң доза Sinopharm вакцинасын июлдун аягына чейин алып келүү маселесин карап жатат.

«Улуттук эмдөөнү уюштуруу планы боюнча, 18 жашка чейинки балдар менен мигранттарды эсепке албаганда, калктын 70%, башкача айтканда 2 млн 187 417 адам* эмдөөдөн өтүшү керек», — деп белгилеи ал.

*Бирок 26-июнда БУУнун түзүмдөрүнүн Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен болгон жолугушууда Бакашова дээрлик 3,2 млн адам эмдөөгө муктаж, анын ичинен артыкчылыктуу топко 2,6 млн адам кирет деп билдирген болчу.

«Ага ылайык, бизге 6,4 млн доза вакцина же эң аз дегенде 5,2 млн доза керектелет»,— деп билдирген анда Бакашова.

Биринчи кезекте вакцина калктын артыкчылыктуу тобуна колдонулат — бул 1 млн 312 миң 450 адам. Алар — медиктер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, социалдык кызматкерлер, 60 жаштан өйдө курактагы жана өнөкөт оорусу бар жарандар, калктын аялуу катмары.

Бирок 18 жаштан өткөн бардык каалоочулар эмдөө алса болот.

Вакцинаны кайдан сайдырса болот?

Поликлиника, Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан сырткары, соода борборлорунда, мектептерде, университеттерде жана базарларда эмдөө пункттары ачылды.

«Массалык эмдөө жүргүзүү максатында мамлекеттик, жалпы билим берүүчү, муниципалдык мекемелерде, спорт аянттарында, соода борборлорунда жана башка жайларда 847 убактылуу эмдөө пунктары ачылды. Алар санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берет», — деп билдирди. Бакашова.

Убактылуу эмдөө пункттарын үзгүлтүксүз электр энергиясы, вакцинаны сактоо жана колдонуу үчүн муздаткыч чынжыры менен камсыздоого жооптуу адамдар аныкталды.

Анын ичинде, 599 пункт мамлекеттик медициналык мекемелерде, 10 — менчик медициналык жайда, 100 — жалпы билим берүүчү мектептерде, соода борборлору менен маданий-спорттук мекемелерде — 12ден пункт ачылды. Дагы 30 пункт Кыргызстандын базарларында, аны менен бирге 84ү — мобилдүү бригада катары түзүлдү.

«Бишкек, Чолпон-Ата, Каракол жана Ош шаарында эмдөө пункттары күнү-түнү иштейт. Ошондой эле, массалык эмдөө уюштуруу үчүн эл чогулган жерлерде — парктарда, аянттарда чатырлар уюштурулат», — деп белгиледи ал.

Вакцинанын келип түшүүсү жана колдонулушу онлайн көзөмөлдөнөт.

Эмдөөгө кантип жазылса болот?

Эмдөөгө электрондук жазылуу Бишкек шаарында гана жеткиликтүү, бирок азыр аймактарга ыңгайлаштырып жатат.

«COVID-19 дартына каршы эмдөөгө онлайн-жазылуу жакында аймактарда дагы жеткиликтүү болот. Азыркы убакта өз алдынча жазыла албагандарга көмөктөшүүчү ыктыярчылар тобун окутуу аяктап калды», — деп билдирди Бакашова.

Ошондой эле, эмдөөгө жазылуу үчүн борбордогу 118 кызматына кайрылса болот.

Эмдөөдөн өткөнү тууралуу сертификатты кантип алууга болот?

Коронавируска каршы эмделгени тууралуу сертификатты онлайн режимде portal.tunduk.kg порталы аркылуу алууга болот. Ал кыргызстандыктарга жана чет элдиктерге да жеткиликтүү.

«Сертификат автоматтык түрдө түзүлөт, аны басып чыгартып же pdf-форматтагы документ катары сактап алса болот. Анда ишенимдүүлүгүн текшерүүчү QR-код болот», — деп белгилеген Бакашова.

Ведомствонун маалыматына ылайык, азыркы убакта «Эмдөө алгандардын реестри» тутумун түзүү иштери аяктап калды. Анда вакцина алган чет элдиктер жана Кыргызстандын жарандары тууралуу маалыматтар болот.

Кыргызстандагы COVID-19дун үчүнчү толкуну

Бир нече аптадан бери Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын саны кескин көбөйдү. Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын 15-июнда билдирген.

COVID-19 жуктургандардын саны күн санап өсүп жатканына байланыштуу бийлик кыргызстандыктарга эпидемиологиялык кырдаал курчуган аймактарга баруудан карманып турууну сунуш кылат. Ошондой эле жарандарды адамдар көп чогулган жерлерди айланып өтүп, санитардык нормаларды сактоого чакырышкан.

Андан тышкары, республикалык штаб министрлик жана ведомстволордун жетекчилерине кызматкерлерди «тез арада» эмдөөдөн өткөрүүнү, алардын кеминде 50%ын, анын ичинде 60 жаштан ашкан кызматкерлерди, өнөкөт оорусу барларды, кош бойлуу аялдарды аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуштаган. Бардык милиция кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүү керектигин ИИМ башчысы Улан Ниязбеков дагы айткан.

Президент өзүнүн администрациясына, министрлер кабинетине, маморгандарга, андан тышкары облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөргө жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилерине өз кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылууну тапшырды. Ушундай эле көрсөтмө саламаттык сактоо жана билим берүү министрлигине айтылды.

Республикалык штабдын 12-июлга карата берген маалыматына караганда, сутки ичинде Кыргызстанда коронавирус жуктурган 11 бейтап каза болду.

Штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда илдеттен 2 113 киши көз жумду.

Сутка ичинде коронавирустун жаңы 1330 учуру катталды. Эң көп жуктуруу борбор калаада катталган.