Кыргызстанга бир айдан ашык күтүлүп жаткан Sinopharm вакцинасы келди

11-июлда Кыргызстанга коронавируска каршы Sinopharm кытай вакцинасы келди. Жалпысынан атайын борт Кытайдан вакцинанын 1 млн 250 миң дозасын алып келди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

«Анын ичинен вакцинанын 1 млн 100 миң дозасы республикалык бюджеттин эсебинен алынды, 150 миң доза кытай тараптан кайтарымсыз негизде берилди», — деп белгилешти штабдан.

Буга чейин саламаттык сактоо министрлиги вакцина Кытайдан 10-июлга чейин алып келинерин билдирген.

Sinopharm’ды алып келүү көйгөйү

Кытай бийлиги Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын 300 миң дозасын бекер берген. Алгачкы 150 ми доза өлкөгө март айында алып келинген. Ал эми экинчи партия менен 150 миң дозаны Кыргызстандын бийлиги бир айдан бери алып келе албай жаткан.

Алгач саламаттык сактоо министри Sinopharm’дын экинчи партиясын «учак да, Пекинге барган авиакаттам да жоктугунан» алып келе албай жатканын билдирген эле. Андан кийин бийлик Sinopharm’дын* экинчи партиясын алып келүүгө каражат издеп жатканы белгилүү болгон.

*Вакцианын биринчи партиясы өлкөгө акысыз жеткирилген.

«Экинчи партияны алып келүүгө каражат каралган эмес, ошондуктан министрлик эл аралык уюмдарга кайрылып жатат. Транспорт чыгымдарына 150 миң доллардан ашуун каражат керек», — деп билдирген Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова 9-июнда.

Андан соң Ишенапысова вакцинаны алып келүүгө UNICEF жардам берерин, препараттарды алып келүүгө байланыштуу кыйынчылык Кытайдан Кыргызстанга авиакаттам жоктугунан улам жаралганын билдирген.

29-июнда Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги КЭРдин өкмөтү тарабынан бөлүнгөн вакцинанын 150 миң дозасы 20-июндан бери Пекиндин аэропортунда учак күтүп турганын кабарлаган.

Ал билдирүүдө элчилик келишим боюнча препараттарды кыргыз тарап өзү алып кетиши керектигин белгилеген.Кийинчерээк, 30-июнда, бийлик Sinopharm’дын 1,1 млн дозасын сатып алууну макулдашканы белгилүү болгон. Анда министрлер кабинетинин басма сөз кызматы вакцина Кыргызстанга «жакынкы күндөрү» чартердик каттам менен алып келинерин баса белгилеген.

«Ушул эле борт менен Sinopharm’дын Кытай акысыз берген 150 миң дозасы дагы алып келинет», — деп айтылган министрлер кабинетинин билдирүүсүндө.

Депутат Наталья Никитенков 9-июлда фейсбук барагында бийлик менен саламаттык сактоо министрлигин сынга алган.

«Вакцина жок. Өкмөт жаңыдан сатып алууга киришип жатат. Ал тургай белекке берилген вакцинанын алып келе албай отурабыз. Учак жок. Ал арада өлкө жетекчилиги командировкаларга, өздөрүн дарылатууга тынбай эле учуп жүрөт. Биз бүгүнкү күндө аймактагы өлкөлөрдүн ичинен да артта калдык», — деп билдирген Никитенко.

Республикалык шиабдын 11-июлга карата маалыматына ылайык, өлкөдө дээрлик 130 миң киши коронавируска каршы эмделди.

ТЕМА БОЮНЧА:Вакцина алуу менен коронавирустун жайылышын кантип токтотсо болот? Түшүндүрөбүз