Нарындын кире беришине арка куруу үчүн кайрадан демөөрчү изделүүдө

Нарын шаарынын кире беришине курула турчу арканын эки долбоору 12-июлда коомчулуктун назарына коюлду. Ал арада жергиликтүү бийлик арканы курууга демөөрчүлөрдү издеп жатат.

Министрлер кабинетинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Назгүл Мүсүралиева жыйын өтүп, анда эки долбоор сунушталганын билдирди.

Биринчи долбоорду 7 миллион сомго «Палитра-Арт» ачык акционердик коому, ал эми экинчи долбоорду 10 миллион сомго «Долбоор групп» фирмасы сунушталган.

«Негизи бул арка маселеси үч жылдан бери эле көтөрүлүп келе жатат. Мурда башка долбоор менен салабыз деп чыгышкан. Бирок аны жеке ишкер Кылыч Исамамбетов салып берем деп бирок кийин акчам жок деп салган жок. Быйыл Сабыркул Ашимбаевдин демилгеси менен кайра көтөрүлүп жатат», — деди ал.

Мүсүралиеванын айтымында, демөөрчү табылып калса тендер өткөрүлөт. Мындан сырткары, ал шаардык бюджеттен да каражат бөлүү каралып жатканын кошумчалады.

Нарын шаарынын кире беришине арка куруу демилгесин 2014-жылы ошол кездеги Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов көтөргөн. Арка орнотуу боюнча архитектуралык сынак жарыяланып, анда ошол эле Ак-Талаа районунун архитектору Канат Жумабековдун долбоору жактырылган. Ошол эле жылы арканы курууну ишке ашырууга демөөрчүлөр изделип башталган.

2015-жылы Нарын шаарына жаңы шайланып келген мэр Рахат Адиев 2015-жылдан 2016-жылга чейин Нарын шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн программа иштеп чыгып өзүнүн долбоорлорун Нарын шаардык кеңешке бекитип берүүнү сунуштаган. Алардын арасында демөөрчүлөрдүн жардамы менен курула турчу 5 миллион сомго Нарын шаарынын кире беришине арка куруу долбоору дагы бар болчу. Анткен менен долбоор ишке ашкан эмес.