COVID-19: Он киши каза болду, жаңы 1 290 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 15-июлда өлкөдө коронавирустун 1 290 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында 40 медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 726 (17 медик);

Чүй облусунда — 176 (эки медик);

Баткен облусунда — 115 (12 медик);

Ош облусунда — 72 (үч медик);

Ысык-Көл облусунда — 56 (эки медик);

Жалал-Абад облусунда — 55 (эки медик);

Ош шаарында — 53;

Талас облусунда — 19;

Нарын облусунда — 18 (эки медик).

Ошондой эле өткөн суткада 1 029 бейтап айыгып, 10 киши каза болду — алардын алтоо Бишкек шаарында, үчөө Чүй облусунда жана бирөө Жалал-Абад облусунда.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 144 958ге жетти. Оорудан 121 760 бейтап айыгып, 2 143 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 4 813 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын ичинде 217 кишинин абалы өтө оор. Мындан сырткары 15 057 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.