Фатва: Аалымдар кеңеши COVID-19га каршы вакцина алууга каршы эмес

Ош шаарындагы вакцинациялоо. Сүрөт: Ош мэриясы

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши 14-июлда COVID-19га каршы эмдөө боюнча фатва чыгарды. Анда коронавирус менен ооругандардын саны көп болуп жаткандыктан, вакцина алуу учурда актуалдуу экени айтылат.

«Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин пикири боюнча оорунун жайылуусун токтотуучу жалгыз ыкма ­— бул адамдарды массалык түрдө эмдөөдөн өткөрүү болуп саналат [...] Ошондуктан Аалымдар Кеңеши COVID-19дун алдын алуу максатында ыктыярдуу түрдө вакцина алууга каршы эмес», — деп жазылат фатвада.

Буга чейин муфтият коронавируска каршы вакцина алуу Орозонун шарттарын бузбайт деп билдирген.

Кыргызстан 18 жаштан жогору жарандарга Кытайдын «Синофарм», Орусиянын «Спутник-В» вакцинасы акысыз сайылып жатат. 15-июлга карата өлкөдө вакцинанын биринчи дозасын 140 миң 922, экинчи дозасын 87 миң 147 киши алды.

Ал арада акыркы суткада коронавирустун жаңы 1 290 учуру катталып, 10 киши каза болду.