Инанды уурдалган жок, сотко өткөрүлдү. Кыргызстандын эгемендигине доо кеткен жок — Түркиянын элчиси

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган VB.kg басылмасына курган маегинде Орхан Инандынын ишмердиги жана анын уурдалышы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, Түркия Инандыны үч жыл мурда эле экстрадиция кылууну талап кылган.

«Ал куралдуу террористтик уюмду түзүүгө жана башкарууга айыпталган. Биз Кыргызстандын бийлигине ошондо эле ал Түркиянын жараны экенин айтканбыз. Мен азыр болуп жаткандарга таң калып турам», — деди ал.

Доган Бишкекте Инандыны кармоо боюнча атайын операция өткөн, аны уурдоо деп айтууга болбойт деп эсептейт.

«Ал Түркиянын улуттук чалгындоосу тарабынан чет жакта жүргүзүлгөн операциясынын жыйынтыгы менен кармалып, Түркиянын сотуна өткөрүп берилди. Менимче “уурдоо” деген — туура эмес сөз. Туура сөз — кармоо жана сотко өткөрүү. Ошол эле кезде Кыргызстандын эмгемендигине доо кеткен жок. Эгерде силердин 251 жараныңар Кыргызстанда террористтик акттын натыйжасында каза тапса, анда силер аны уюштурган уюмдун мүчөсү болгону үчүн изделген адамды Кыргызстанга алып келип, соттогуңар келмек да, туурабы?» — деди элчи.

Анын айтымында, Инанды Түркияга Кыргызстанда жарандык алганын, аны сактап калыш үчүн кабарлаган эмес.

«2001-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда ФЕТОнун жетекчиси катары аракет кылып жүргөн. 2017-жылдан тартып “ФЕТО” уюмунун лидери Фетхуллах Гүлендин тапшырмасы менен ФЕТОнун Борбор Азиядагы жетекчиси болгон.

Кыргызстанда жүргөндө ал дайыма “ФЕТОнун” башчысы Гүлендин Пенсильваниядагы штаб-батирине барып турчу. Акыркы жолу ал жакка үстүбүздөгү жылдын март айында барып, Гүленден тапшырмаларды алган. Ал аталган уюмдун Мустафа Озжан, Нажи Тосун жана Барбарос Кожакурт деген жогорку жетекчилери менен дагы байланыштуу», — деди Доган.

Анын айтымында, Пенсильваниядан алган тапшырмаларга ылайык, Инанды террористтик уюмдун бозгун мүчөлөрү Кыргызстанда калып, кыргыз паспортторун мыйзамсыз алышына «кам көргөн».

«Ошентип, “ФЕТОнун” 25 жогорку мансаптуу мүчөсү, анын ичинде Мустафа Озжан жана “Азия” банк башкармалыгынын мурдагы төрагасы Али Челик ошол паспортторду алышкан. [...] Ал жөнөкөй адамдарды алдап, алардын каражаттарын ыплас максаттарга колдонуп Борбор Азияда иштеген. Орхан Инанды террористттик уюмга алгач мугалимдин, андан кийин билим берүү мекемелердин жетекчисинин кейпин кийип Түркиянын аброюна зыян тийгизди», — деди Доган.

Элчи «ФЕТОнун» мүчөлөрү тарабынан Кыргызстанда ачылган билим берүү жайлары жана коммерциялык эмес уюмдар саясатка таасир этүүнү көздөйт деп эсептейт.

«Билим берүү мекемелери террордук уюмду жөнөкөй элдин көзүнө легитимдөө үчүн керек. Адамдар аны билбейт, алардын уюмдун ички таябиятын билүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок. ФЕТО террордук уюму өздөрү ачкан түзүмдөр аркылуу жаңы мүчөлөрдү тартууну көздөйт. Алар жашап жаткан өлкөдөнүн саясатына таасир этүүнү көздөшөт», — деди Доган.

Анын айтымында, 2007-жылдан 2015-жылга чейин Гүлендин тарапташы 3,6 млн доллар которгон. Ал каражат «“Вефа” соода борборунан чыккан». Ошол эле учурда, анын сөзүнө караганда, «эсептелген миллиондогон салыктар Кыргызстанда төлөнгөн эмес».

Элчи Гүлен террорчулакка айыпталып, Түркияда издөө жарыяланганын кошумчалады.

«“Озгюн Иншаат Таахют ве Тижарет” акционердик коомунун соттук териштирүүлөрү төрт жылдан бери бүтпөй келет, акыркы чечим чыга элек.

Аны менен катар, төрт жылдан ашуун убакыттан бери алдамчылык, салыктан качуу кылмыш иштери боюнча эч кандай жылыш жок. Адвокаттар болсо бардык маалыматтарды жана далилдерди топтоп беришкен», — дейт элчи.

Орхан Инандынын уурдалышы

«Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды 31-майда Бишкекте дайынсыз жоголгон. Кыргызстанда ал бир айдан ашык изделип, башка өлкөлөрдөн да Интерпол аркылуу изделген.

Бирок анын дайыны 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өзү Инанды Түркияга атайын операциянын алкагында алынып келингенин билдиргенде белгилүү болгон.

Анын айтымында, Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматы (МИТ) «террористтик уюмдун жогорку мансаптуу мүчөсүн» кармап, Түркияга алып келген. Ошондой эле, ал аталган атайын операциянын алкагында Түркияга 100дөн ашуун адам жеткирилгенин билдирген.

«Сапат» билим берүү мекемелери Түркида диниятчы Фетхуллах Гүлендин ФЕТО кыймылы менен байланыштырышат — ал Түркиядатеррористтик деп таанылган.*ФЕТО — түркчөдөн которгондо «Фетхуллахтын террористтик уюму» деп аталат. Түркия 2016-жылы бул уюмду бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап, Гүлен түптөгөн мекемелерди террористтик деп тааныган.

Орхан Инандынын адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз «Азаттыкка» маек куруп, «Сапат» мектебинин президенти Бишкекте кыргыз улутундагы үч киши тарабынан уурдалганын, Инанды аларды буга чейин көрбөгөнүн айтып берген.

Йылмаз Инанды күнөөнү мойнуна албаганын жана тергөө менен кызматташуудан баш тартканын айтып берген. Ошол эле учурда, өзүнүн Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу суроолорго ачык жооп берген. Ошондой эле, ал Инандыга азырынча айып тагылбаганын белгилеген. Тергөө дагы үч айга уланат.

Адвокат Орхан Инандынын сөзүнө таянып, ага карата кыйноолор болбогонун айткан.

«Кыргызстандан уурдалганда денесине залал келтирилген. Түркияда ага психологиялык басым жасалганы менен бирок уруп-согуп денесине зыян келтирилбегенин айтты», — дейт Йылмаз.

Ал 12-июлда Инандыны атайын кызматтан Анкарадагы Синджан абагына которушканын кошумчалаган.

Кыйноо болуп жатканын Инандынын жубайы — Рейхан Инанды айтып чыккан.