12-июлда Жалал-Абад облусундагы Аксы районунда каттуу жаан жаап, Ак-Жол жана Жаңы-Жол айыл аймактарында сел жүргөн. Анын кесепетинен сегиз киши каза тапты — алардын жетөөсүнүн сөөгү табылды, 5 жашар Айдар дагы деле изделүүдө.

Каза болгондордун алтоо — эки аял, эки өспүрүм жана эки жаш бала — бир үй-бүлөдөн болушкан. Алардын баары Жолборсту айылынын Күйгөн жайлоосуна ошол күнү эс алууга кетишкен. Тилекке каршы алар токтогон тамды сел агызып кетип баары набыт болушкан.

Ал эми 12 жаштагы Нурсултан жайлоодон мал кайтарып, атасы менен бирге кайтып жатканда катуу жамгыр башталган. Нурсултандын атасы ага айылдаштарынын тамына кирип турууну айтып, өзү мал байлаганы кеткен. Бирок капыстан сел агып келип тамды жер менен бир кылган.

Нурсултан окуя болгон күнү атасы менен сүрөткө түшкөн. Бул анын акыркы сүрөтү болуп калды. Анын сөөгүн жергиликтүү тургундар түнкү саат 12лерде табышкан.

Нурсултандын акыркы сүрөтү.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепеттерин жоюуда. Ак-Жол айылынын тургунунун айтымында, сел чоң темир көпүрөнү агызып кеткен. Ошондой эле табият кырсыгы айылдагы дарыянын жээгин жеп, көптөгөн дарактарды жана жолду жууп кеткен.

Сел Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылында да жүргөн. Сел адырдын этегин жууп кеткен соң ал жерде таштар жана дарактардын сыныктары гана калган.

  Айдар дал ушул ташта отурганда сел агызып кеткен

Сөөгү табыла элек 5 жашар Айдар дарыянын жээгиндеги чоң таштын үстүндө агасы менен ойноп жаткан. Бирок сел капыстан агып келгендиктен ал качууга үлгүргөн эмес.

Президент Садыр Жапаров Аксыдагы селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Министрлер кабинетине селден жабыркаган тургундарга тийиштүү жардам көрсөтүүнү жана селдин кесепетин тез арада жоюуну тапшырды.

Өлкө боюнча жаз-жай-күз мезгилдеринде каттуу жаан жаап, сел жүрөт. Мисалы, Баткен районунун бир нече айылдарында 8-июлда сел жүрүп, Согмент, Газ жана Кара-Булак айылдарында өзгөчө кырдаал жарыяланган. Анда сел 47 турак үйдү кооптуу абалга келтирип, эки көпүрөнү агызып кеткен.

Сүрөттүн авторлору: Шумкарбек Султанмурат уулу, Бекболсун Кайыпов, Зарина Маматжанова