Баткендин бир нече айылдарына селден улам Өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Баткен районунун Согмент, Газ жана Кара-Булак айылдарында 6-июлда нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү. Селдин кесепетинен 47 турак жайды суу каптап, мындан сырткары эки көпүрө бузулуп, жолдорду жана эгин талааларга жабыркады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 47 үйдө кооптуу абал жаралып, анын ичинен алты турак үйдүн ээсине коопсуз жерге убактылуу көчүп кетүү сунушталды. Ошондой эле райондун акиминин буйругу менен Газ жана Согмент айылдарына «өзгөчө кырдаал» режими жарыяланды.

Мындан сырткары ошол эле күнү Кадамжай районунда дагы сел жүрүп, төрт турак жай жана бир катар ички чарбалык жолдор жабыркаган. Селден тургундар жабыркаган жок.

Учурда ӨКМдин кызматкерлери сел каптаган аймактарды тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Тазалоо иштерине куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар тартылган.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 2-июлда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Күйө-Таш айылында сел жүрүп, 11 турак жай жана 250 метр ички чарбалык жабыркаган.