Президент Аксыда селден каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров Аксы районунда 12-июлда жүргөн селдин кесепетинен каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Садыр Жапаров бүтүндөй өлкө жаратылыш кырсыгынан улам жакындарын жоготкон кыргызстандыктардын оор кайгысын тең бөлүшүп жаткандыгын баса белгилеп, бардык жабыркагандар тезирээк сакайып кетет деп үмүттөнөрүн билдирди», — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, өлкө башчы Министрлер кабинетине селден жабыркаган тургундарга тийиштүү жардам көрсөтүүнү жана селдин кесепетин тез арада жоюуну тапшырды.

12-июлда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жаандын кесепетинен сел жүрдү. Кырсыктан сегиз киши жабыркап, анын ичинен алтоонун сөөгү табылган. Ал эми 2,5 жана 5 жаштагы эки наристе изделүүдө.

Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөн Султанмуратовдун айтымында, каза тапкан алты кишинин баары бир үй-бүлөдөн болушат жана алардын арасында жаш балдар бар.

Тема боюнча:

Аксы: Селден алты адам каза тапты, алар бир үй-бүлө мүчөлөрү болушкан