Аксы: Сел агызган эки жарым жаштагы наристенин сөөгү табылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айылында сел агызып кеткен эки жарым жаштагы Фатиманын сөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, наристени үйүнө жакын жерден атасы Нурбек Шайыбеков тапкан.

Ал селдин кесепетинен апасын, кыздарын, карындашын, жээндерин жоготту. Алардын баары Алты-Айры жайлоосунда чатырда набыт болушкан. Ошондой эле жамгырдан коргонуу үчүн алардын чатырына кирип турган 5 жаштагы бала каза тапты.

Шайымбетов жакындары жайлоого ошол күнү гана кеткенин белгилеп, мындай сел «100 жылда да болбогонун» айтып кейиди.

12-июлда катуу жааган жаандан улам Аксынын Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында сел жүргөн. Ал жалпысынан сегиз кишинин өмүрүн алды. Учурда Таштак айылында сел агызган беш жашар баланын сөөгү изделип жатат.

Селдин кесепетинен улам Ак-Жол жана Жаңы-Жол айыл аймактарында Өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Буга чейин Өзгөчө кырдаал режими Баткен районунун бир нече айылында жарыяланган. Анда сел 47 турак үйдү кооптуу абалга келтирип, эки көпүрөнү агызып кеткен.

Аксы: Селден алты адам каза тапты, алар бир үй-бүлө мүчөлөрү болушкан