Мындан ары облус башчылары президентке баш ийет

Президент Садыр Жапаров 16-июлда «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы белгилегендей, бул жарлыкка ылайык, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр институту президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү институту болуп кайра түзүлөт.

Маалыматта бул мамлекеттик башкаруу натыйжалуу болушу үчүн жасалды деп айтылат.

Эми өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аткаруу бийлигин жетектеген президентке, анын ичинде министрлер кабинетинин төрагасына түз баш ийет.

Министрлер кабинетине бир айдын ичинде президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөр аппаратынын штаттык ырааттамасы менен түзүмүн бекитүү тапшырмасы берилди.

Президенттин жарлыгы жарык көргөн күндөн тартып 7 күндөн кийин күчүнө кирет.