Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын бийлиги Ооганстандан качкан 345 этникалык кыргызды кайра кайтарып салганы боюнча үн катты.
Министрликтен «Азаттыкка» билдиришкендей, ТИМ памирлик кыргыздарды Кыргызстанга алып келүү боюнча бир нече кайрылуу жолдогон, бирок Тажикстан бул өтүнүчтөрдү жоопсуз калтырган. Ошондой эле тажик тарап этникалык кыргыздар Ооганстанга кайтарылганы тууралуу Кыргызстандын ТИМине кабар берген эмес.
«Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысына өтүнүч берилген эле. Анда кыргыз тарап этникалык кыргыздарды эвакуациялоо маселелерин иштеп чыгуу үчүн аларга кыргыз адистеринин барышына жол берүүнү өтүнгөн. Ошону менен бирге кыргыз тараптын расмий кайрылуусу жоопсуз калып жатканын белгилөө керек», — деди министрликтин басма сөз катчысы Нурлан Суеркулов.
Анткен менен памирлик кыргыздар Ооганстанга кайтууну каалаган эмес. Памирликтердин айтымында, алар Тажикстан аркылуу Кыргызстанга өтүүнү же өлкөнүн өзүндө калып турууну көздөгөн.
13-14-июлдарда Тажикстанга Ооганстандын Бадахшан аймагына караштуу Андемин аймагынан 347 памирлик кыргыз качып кирген. Алар Ооганстандагы «Талибан» экстремисттик кыймылы жараткан коркунучтан улам качууга аргасыз болушкан. Ал эми чек араны кесип өтүүдө эки ымыркай чарчап калганы кабарланган.
Тажик бийлиги качкындарды Кызыл-Работ жамаатынын Чоштепа жана Дуютук аймактарына жайгаштырган. Кыргыз бийлиги Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча Жогорку комиссардын Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнө жана Тажикстандын бийлигине кайрылуу жолдоп, этникалык кыргыздарды Кыргызстанга эвакуациялоого көмөк көрсөтүүнү суранган.
Бирок Тажикстан «Ооганстандын өкмөтү этникалык кыргыздардын жеке коопсуздугуна кепилдик бергенден кийин» аларды Бадахшанга кайтарган.
Ооганстанда эмне болуп жатат?
«Талибан» экстремисттик кыймылы 2021-жылдын май айынан тарта Ооганстандын аймактарын басып баштаган. Ал убакытта «Талибан» менен күрөшкөн НАТО аскерий-саясий уюмунун аскерлери өлкөдөн чыгарылып баштаган. АКШнын президенти Жо Байдендин айтымында, НАТОнун күчтөрү Ооганстандан 11-сентябрга чейин толугу менен чыгарылат.
*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда тыюу салынган жана террористтик деп табылган. «Талибан» кыймылынын аскерлери радикалдуу мүнөздөгү аракеттери менен эле эмес, башка дагы террористтик топторго, анын ичинде Кыргызстанда тыюу салынган «Аль-Каидага» тиешеси бар экени менен дагы белгилүү.
«Талибандын» өкүлдөрү алар Ооганстандын 80%ын басып алганын билдирген, бирок расмий бийлик бул билдирүүлөрдү четке кагып келет. Ал эми Бириккен улуттар уюмунун июндагы эсептөөлөрү боюнча, Ооганстандын 50%-70% аймагы экстремисттик кыймылдын көзөмөлүнө өттү.
Мындан улам миңдеген ооганстандыктар коңшу өлкөлөрүнө качып өтүүдө — алардын арасында өкмөттүк жоокерлер да бар.
«Талибан» кыймылы Борбор Азияга да коркунуч жаратышы мүмкүн деп айтылууда, анткени Ооганстан Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Террористтик уюмдун согушкерлери чек арадагы бир нече өткөрмө пункттарды басып алышкан.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов чек арага аскерий техника тартып, жалданма аскерлерди да колдонууну көздөп жатат. Ал эми Өзбекстандын бийлиги жоокерлерин даярдыгын текшерип, жакынкы арада аскерий окуулар болоорун жарыялаган.
Ал арада Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тажик-ооган чек арасына резервде болгон 20 миң аскерди кайрадан мобилизациялаган. Ал эми УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстан «Талибан» менен күрөшүүгө Тажикстанга жардам берээрин билдирген — эки өлкө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мүчөлөрү.