«Анадолу»: Түркиянын Башкы прокуратурасы Орхан Инандыны 22,5 жылга кесүүнү талап кылды

Түркиянын ири «Анадолу» маалымат агенттиги (49% акциясы мамлекетке таандык) 16-июлда өлкөнүн Башкы прокуратурасы «Сапат» билим берүү лицейлеринин президенти Орхан Инандыны 22,5 жылга кесүүнү суранып жатканын билдирди.

*Орхан Инанды — «Сапат» лицейлер тармагынын президенти. Түрк бийлиги аны «ФЕТОнун Борбор Азиядагы жетекчиси» деп атап жатат. ФЕТО — түркчөдөн которгондо «Фетхуллахтын террористтик уюму» деп аталат. Түркия 2016-жылы бул уюмду бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап, Гүлен түптөгөн мекемелерди террористтик деп тааныган.

Түркиянын соту Инандыны «куралдуу террористтик уюмду башкарган» деп айыптап жатат.

Орхан Инандынын уурдалышы

«Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды 31-майда Бишкекте дайынсыз жоголгон. Кыргызстанда ал бир айдан ашык изделип, башка өлкөлөрдөн да Интерпол аркылуу изделген.

Бирок анын дайыны 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өзү Инанды Түркияга атайын операциянын алкагында алынып келингенин билдиргенде белгилүү болгон.

Анын айтымында, Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматы (МИТ) «террористтик уюмдун жогорку мансаптуу мүчөсүн» кармап, Түркияга алып келген. Ошондой эле, ал аталган атайын операциянын алкагында Түркияга 100дөн ашуун адам жеткирилгенин билдирген.

«Сапат» билим берүү мекемелери Түркида диниятчы Фетхуллах Гүлендин ФЕТО кыймылы менен байланыштырышат — ал Түркиядатеррористтик деп таанылган.

12-июлда Түркиянын соту Инандыны куралдуу террористтик уюмду башкарууга шектеп камакка алган.

TRT улуттук телеканалдын маалыматы боюнча, Орхан Инанды көрсөтмөсүндө Түркияда террористтик деп таанылган FETO оппозициячыл ислам уюмуна байланыштуу маалымат берген. Журналисттер белгилешкендей, Инанды өкүнүү жөнүндө жобону колдонгусу келбей койгон.

«Фетхуллах Гүлендин террордук уюму тууралуу айтып жатып, Орхан Инанды “террордук уюм” деген сөздү колдонгон эмес», — деп айтылган билдирүүдө.

Орхан Инандынын адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз кийинчерээк «Сапат» мектебинин президенти Бишкекте кыргыз улутундагы үч киши тарабынан уурдалганын, Инанды аларды буга чейин көрбөгөнүн айтып берген.

Йылмаз Инанды күнөөнү мойнуна албаганын жана тергөө менен кызматташуудан баш тартканын айтып берген. Ошол эле учурда, өзүнүн Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу суроолорго ачык жооп берген. Ошондой эле, ал Инандыга азырынча айып тагылбаганын белгилеген. Тергөө дагы үч айга уланат.