«Бизди алдап жатышат». Чек ара жаңжалында үйлөрү өрттөлгөн аксайлыктар митингге чыгышты

Баткен облусунун Ак-Сай айылынын 30дай тургуну 22-июлда облустук администрациянын алдына чогулду. Алар апрелдеги чек ара жаңжалында өрттөлгөн үйлөрүнүн курулушу башталбай жатканын айтып, облус башчысы Абдикарим Алимбаев жана Баткенде жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолуктурууну талап кылышты.

Тургундардын айтымында, үйлөрдүн фундаменти куюлганына эки айдын жүзү болгон. Бирок андан бери эч кандай жылыш жок. Ошондой эле аксайлыктар «Улукбек Марипов биз жака басып барбайт» деп нааразы болушууда.

«Үй тептегиз болуп күйгөн. [Менин үйүмө] жада калса фундаменти куюлган жок. Эки айда бүтөт дешти эле. Кыш келе жатат. Мен карыган аксакал адам кышта каяка барып жашайм? Бул үйдү бүтүрүп береби өзү?» — деп суроо салды администрацияга чогулгандардын арасындагы аксакал.

Үйсүз калган тургундар учурда чатырларда жашап жатышат. Алар «чатыр күндүзү өтө ысык, кечинде суук болуп жаш балдар жана карыгандар менен кыйналып жатабыз» дешти.

«Жолугалы десек облус башчы менен Марипов бир жака кетиптир. Аларды күтүп жатабыз. Бизди алдап коюп жолго салып отурушат булар», — деди чогулгандар.

Тургундар «Алимбаев жана Марипов келмейинче администрациянын алдынан кетпейбиз» деп билдиришти.

Мариповдун Баткенге жасаган сапары жана бийликтин убадасы

Марипов 21-июлда Баткен облусуна жумушчу сапары менен келген. Ал Лейлек районунун Максат айылына барып, жаңжалда өрттөлгөн мектеп толугу менен калыбына келтирилгенин билдирди. Ошондой эле ал аталган айылдагы жабыркаган турак жайлардын 10унун курулушу жыйынтыкталып, 40 үйдүн курулушу 70%га бүткөрүлгөнүн айтты.

Ал эми жергиликтүү бийлик учурда тургундардын нааразычылыгы бонча комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

Апрель айынын аягында тажик аскерлеринин аскерий агрессиясынан улам Баткен облусундагы 140 үй бүлө турак жайсыз калган. Өкмөт өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүүнү убадалаган, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт. Ал эми президент Садыр Жапаров май айында Баткенде эл менен жолукканда «турак жайлар эки айдын ичинде тургузулат деп убада кылган болчу.

Бир нече коомдук уюмдардын кызматкерлеринен турган ыктыярчы топ Баткенде курулуп жаткан үйлөр жеңил конструкцияда болуп, коопсуздук талаптарына жооп бербейт деп билдирген.

Инфографика. Тажикстандын аскерий агрессиясынан жабыркаган Баткендин тургундары

Ыктыярчы топ: Баткенде курулуп жаткан үйлөр коопсуздук талаптарына жооп бербейт