Ыктыярчы топ: Баткенде курулуп жаткан үйлөр коопсуздук талаптарына жооп бербейт

Максат айылында салынып жаткан үйлөр. Сүрөт: Чолпон Бердикулова

Ош шаарындагы бир нече коомдук уюмдардын кызматкерлеринен турган ыктыярчы топ Тажикстандын аскерий агрессиясынан жабыркаган Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы үй-бүлөлөр жана турак жайлар тууралуу отчётун жарыялады.

Анда ыктыярчылар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таянып өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жеңил конструкциядагы турак жайлар курулуп жатканын маалымдашкан.

Ыктыярчылардын катарында болгон «Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева салынып жаткандыктан үйлөр өрткө жана селге туруштук бере албашын билдирди.

«“Фин” тибиндеги үйлөр коопсуздук талаптарына толугу менен жооп бербейт. Себеби алар жеңил конструкциядан салынат. Канчалык деңгээлде өрткө же болбосо ошол жерде дагы бир коогалаң болуп кетсе — ошолорго [туруштук] бере алабы деген суроо пайда болуп жатат. Себеби бул үйлөр оңой эле өрттөлөт, — деди Мамасалиева.

Үйлөрдүн фундаменти 25 см, аянты 123 чарчы метр болот

Ошондой эле Мамасалиева салынган үлөрдүн фундаменти болгону 25 см түзгөнүн билдирди. Ыктыярчылар ОСП (жыгачтын апилкасынан жасалган материал) жана пластик материалынан салынганы да экологиялык жактан кооптуу болушу мүмкүн деп эсептейт. Себеби ал абаны өткөрбөйт. Ошол эле учурда укук коргоочулар отчётто үйдү бузуп кайра башка жакка курууга болоорун жана алар жылуулукту жакшы сактай турганын кошумчашкан.

Ыктыярчылардын отчётуна ылайык, учурда жеңил конструкциядагы үйлөрдү Түркиянын өкмөтү куруп жатат. Анткен менен кыргыз өкмөтү Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн — анын 200 млн сому үйлөрдү курууга жумшалмак.

Салынып жаткан үйлөрдүн аянты 123 чарчы метрди түзөт, ал эми кээ бир тургундардын турак жайы мындан да чоң болгон, ошондуктан алар компенсация талап кылууга укуктуу экенин ыктыярчылар белгилешет.

Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов буга чейин Максат айылында салынып жаткан үйлөр «түзүмдүк изоляцияланган панель» (SIP-панель) тибинде салына турганын билдирген. Рахимов жаңы салынган үйлөр 50 градуска чейинки суукка туруштук бере ала турганын кошумчалаган.

Ыктыярчылардын айтымында, жергиликтүү тургундар өкмөт берген жардамдан ажырап калбаш үчүн салынып жаткан турак жайлар боюнча пикирлерин ачык айта алышпайт.

Мындан сырткары, айрым жашоочулар үйлөрүн камсыздандырып, тиешелүү төлөмдөрдү төлөп келишкен. Ыктыярчылардын айтымында, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму үйлөрүн камсыздандырган тургундарга компенсация төлөп бериши керек.

*Айыл жергесинде жайгашкан камсыздандырылган үйлөр табигый кырсыктан жабыркаса аларга 500 миң сомго чейин компенсация каралган. Анткен менен мыйзамда «согуш аракеттеринен» бузулган үйлөргө компенсация каралган эмес.

Турак жайлардын долбоору эл менен макулдашылган эмес

Мамыржан Рахимов жана Абдикарим Алимбаев Максат айылында. Сүрөт: Чолпон Бердикулова

Мындан сырткары, Мамасалиева аталган үйлөрдүн долбоору эл менен макулдашылбаганын жана долбоордун өзү да ачыкталбай келгенин белгиледи.

Ыктыярчы топ отчётто президент Садыр Жапаровдун №113 жарылыгын эске салып, Баткен облусун калыбына келтирүүчү комиссия жабыркаган жарандардын жана юридикалык жактардын тарткан зыянын эсептөө жана аларга компенсация төлөө боюнча жобосун иштеп чыгышы керек болчу деп билдирди. Алар эсептөөлөрдөн кийин гана зыяндын өлчөмүнө жараша калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүшү керек болчу деп эсептешет.

Ошондой эле бул жарлыкта мамлекеттик органдарга курулуп жаткан турак жайлардын долбоорун, схемаларын, карталарын, пландарын жана инженердик-геологиялык маалыматтарды жабыркаган тургундарга акысыз берүүсү милдеттендирилген.

Мындан сырткары ыктыярчылар өкмөттүн өкүлдөрү жабыркагандардын кыйраган мүлктөрүн эсептөөнү улантып жатканын белгилешти. Ар бир тургундун чыгымдары эсептелип бүткөндөн кийин тургундарга тиешелүү акт берилет.

Жарандык коомдун өкүлдөрү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жаңы салынып жаткан үйлөр тууралуу коомдук угууларды өткөрүп, тургундарга үйлөрдүн сапаты тууралуу бардык маалыматты берүүнү сунуштады. Ошондой эле алар эмне себептен өкмөт «фин» үйлөрүн салууну чечкенини түшүндүрүп берүү керектигин белгиледи.

Баткен облусуна барган укук коргоочулар кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган үйлөр боюнча маалыматты камтыган онлайн карта түзүштү. Анда турак жайдын жайгашкан жери, анын учурдагы абалы, өрттөлгөн үйдүн аянты, зыянга учураган мүлктүн көлөмү камтылган.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 129 турак үй жана 84 объект жабыркаганын маалымдаган.

Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат. Ошол эле учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алат, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт.

10-майда «Ихлас» курулуш компаниясы Баткен окуясында каза болгон 36 жарандын үй-бүлөлөрүнө Баткен шаарынын аймагында үйлөрдү сала баштаган. Ал эми 13-майда курулуш иштери Лейлек районунун Максат айылында башталган.