Парламент комитети той жана тажияларда адамдардын санын чектеген мыйзам долбоорун жактырды

Парламенттин социалдык маселелер, билим берүү, илим жана маданият боюнча комитети 21-июлда биринчи окууда депутат Улугбек Ормоновдун мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзам долбоору ар кандай той-топур, үйлөнүү-үлпөт жана үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүнү жөнгө салат.

Ормонов өз мыйзам долбоорун май айында эле коомдук талкууга чыгарган болчу.

Мыйзам долбоору төмөнкүдөй чектөөлөрү сунуштайт:

  • үй-бүлөлүк салтанаттарды, ырым-жырымдарды жана иш-чараларды 100дөн ашпаган адамды чакыруу жана 100дөн ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүү;
  • үлпөт той салтанаттарын 200гө чейинки адамга банкет уюштуруу менен бир күндө өткөрүү;
  • жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында никелешүү салтанатын 3 төн ашык эмес жеӊил автомашинасын колдонуу менен өткөрүү;
  • «Жаназага» (көмөөрдө дуба окуу) тургандардын саны чектелбейт, бирок бодо мал жана жылкы союлбайт;
  • маркумду акыркы сапарга узатууга катышкандардын саны 100 дөн ашпайт жана бодо мал, жылкы союлбайт.

Бул иш-чаралардан сырткары, мыйзамда зыяратчыларды узатуу боюнча чектөөлөрдү киргизүү да сунушталууда. Депутаттар зыяратчыларды узатуу жана тосуп алууну үй-бүлөнүн тегерегинде өткөрүүнү сунушташууда. Ал эми зыяратчылык учуру боюнча, конок тосууга кескин тыюу салынат.

Мыйзамда иш-чараларды өткөрүү убактысы боюнча да чектөө каралган. Сунушталып жаткан мыйзамга ылайык, үйлөнүү-үлпөт, үй-бүлөлүк жана юбилейлик салтанаттарды, анын ичинде ырым-жырымдарды дем алыш күндөрү саат 8:00дөн кечки 23:00гө чейин, ал эми иш күндөрү кечки саат 18:00дөн кечки саат 22:00гө чейин өткөрүү керек.

Мурдараак мыйзамды бузуу үчүн физикалык жактарга 17 500 сом, ал эми юридикалык жактар үчүн 55 миң сом айыппул салуу да каралганы айтылган. Бирок комитеттин жыйыны учурунда Ормонов физикалык жактар үчүн штраф 35 миң сомду, ал эми юридикалык жактар үчүн 100 миң сомду түзөөрүн билдирди.

Мыйзам долбоорун кароо учурунда маданият министринин орун басары Салтанат Аманова ири бодо мал союуга тыюу иш-чараларда майда мал союуга алып барарын айтты. Ошондой эле ал Ормоновдун мыйзамын жарандардын көбү күткөн деп эсептейт.

«Биз тажияны чай жана дасторкон даярдабастан, таптакыр мал сойбой өткөрүүнү сунуштап жатабыз. Анда кой союп башташат, кээ бирлердин анда да шарты жок да. Же бирден ашык кой союлбашы керек деп жазып коюу кажеттир», — деди Аманова.

Иш-чараларды өткөрүүгө чектөө салган ушундай эле мыйзам долбоорун депутаттары буга чейин да сунушташкан. 2014-жылы депутат Каныбек Осмоналиев ушундай эле демилгени көтөргөн. Анда ал үйлөнүү-үлпөт тойлоруна катышкандардын санын 200 адам менен чектөөнү сунуштаган.

Осмоналиев да бул мыйзам чыгымдарды азайтып, аталган иш-чараларды «чыныгы элдик» кылууга, андан сырткары, үй-бүлөдө жакырчылыкты азайтууга көмөк болот деп айткан болчу. Депутаттын демилгеси ошол бойдон кабыл алынбай унутта калган. Бирок 2016-жылы той-топур жана үйлөнүү-үлпөттөрдө чектөө киргизүү демилгеси кайрадан көтөрүлгөн.

Бирок анда долбоор мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге тиешелүү болгон. Мыйзамда үйлөнүү тойлорго 150дөн ашык киши чакырууга жана бештен ашык жеңил унаа пайдаланууга тыюу салуу сунушталган. Бул мыйзам долбооруда күчүнө кирбей унутта калган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Тойэкономика». Кошумча жакырчылыка алып келеби?

Кыргызстандыктар той менен тажыяга канча коротушат?