Коронавирустан 12 киши каза болуп, 973 жаңы учур катталды

Илююстративдик сүрөт

Республикалык штаб 26-июлда өлкөдө коронавирустун 973 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 637;

Жалал-Абад облусунда — 92;

Чүй облусунда — 72;

Баткен облусунда — 62;

Ысык-Көл облусунда — 39;

Ош шаарында — 23;

Нарын облусунда — 18;

Талас облусунда — 18;

Ош облусунда — 12.

Ошондой эле өткөн суткада 1 568 бейтап айыгып, 12 киши каза болду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 158 120га жетти. Оорудан 136 700 бейтап айыгып, 2 261 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 4 187 бейтап ооруканаларда, 13 691 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.