Кыргызстандыктарга мамлекеттик ипотека эми жылына 4% үстөк менен берилет

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Аида Төлөгөнова. Сүрөт: «Кабар» маалымат агенттиги

25-майда өткөн маалымат жыйында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрайымы Аида Төлөгөнова «Менин үйүм 2021-2026» жаңы ипотекалык программасы менен тааныштырды.

Төлөгөнованын айтымында, программада мамипотекалык чен 6-8%дан 4%га төмөндөтүлгөн. Аны менен катар, 2021-жылдын август айынан тартып мамлекеттик ипотека бардык кыргызстандыктарга жеткиликтүү болот. Буга чейин мамлекеттик кызматкерлер үчүн гана иштелип чыккан болчу.

«Жакынкы 5-6 жылда МИК мамлекеттик ипотекалык насыялоо секторуна кеминде 30 млрд сом тартууну жана кеминде 800 миң чарчы метр турак жайдын курулушун камсыздоону пландап жатат», — деди Төлөгөнова.

МИКтин башчысы жаңы турак жайлардын курулушу бүткүл мамлекет боюнча жүргүзүлөрүн жана аймактардагы курулушка өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Программа үчүн каражат кайдан алынды

Төлөгөнова «Менин үйүм 2021-2026» программасынын каржы булагы эл аралык донорлор болоорун түшүндүрдү. Андан тышкары, өлкө бюджетинен каражат бөлүнөт, каражаттын калган бөлүгү баалуу кагаздарды сатуу аркылуу тартылат.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымынын орун басары Амантур Омуров жаңы программада калктын социалдык жактан корголбогон катмары үчүн жеңилдиктер да каралганын айтып берди.

«Мурдагы [мамипотекалык] программада жалпы суммасы 3,3 млрд сомдук каржылоо каралган болчу, жаңы программада ал 30 млрд сомду түздү. Жаңы программада каражат тартып келүүгө басым кылынган, эскисинде бюджеттин каражаттары колдонулган», — дейт Омуров.

Ал ипотекалык насыядан кутулуу мөөнөтүн 25 жылга чейин узартуу да пландалганын, ал эми ипотека алуу үчүн каражаттын максималдуу өлчөмү 4-5 млн сомду түзөрүн кошумчалады.