Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 11 жаштагы баланын сөөгү табылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 27-июлда Лебединовка айылындагы Чоң Чүй каналынан 11 жаштагы баланын сөөгү табылганын «Клоопко» билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ӨКМге өспүрүм Көк-Жар айылындагы каналга кулап кеткени тууралуу маалымат 26-июлда, саат 15:14тө келип түшкөн. Баланы издөөгө төрт куткаруучу жөнөтүлгөн, бирок кийин маркумдун жакындары сөөктү өздөрү табышкан.

Ага чейин, ӨКМ 21-июлда Кыргызстанда бир суткада төрт өспүрүм сууга чөгүп каза болгонун билдирген. Андагы маалыматка ылайык, үч бала Чүй облусунун Аламүдүн районундагы суу сактагычка чөгүп кеткен.

Эки кыз Гроздь айылында сууга чөккөн. Алардын бири 14 жашта болсо, экинчиси — 17де. Сууга чөккөндөрдүн үчүнчүсү — он жашар бала. Анын сөөгү Аламүдүн районундагы «Кыргызстан» суу сактагычынан табылган.

Ошол эле күнү, Ысык-Көл облусундагы Маяк айылында 12 жашар кыз чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге жети куткаруучу келген. Жарым сааттан кийин сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлгөн.

ӨКМдин маалыматына караганда, жыл башынан бери өлкө боюнча 87 адам сууга чөккөн, алардын 41 жаш балдар. Эң көп учур Чүй облусунда катталган.

Биринчи бетте иллюстрациялык сүрөт колдонулду.