Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган логотип тандалды

Маданият министрлиги Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата логотип тандоо сынагынын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Конкурстун калыстар тобу сүрөтчү Жаныш Жамурзаевдин, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү Шакир Арыков менен Жеңиш Жанузаковдун эмгегин жеңүүчү деп атады.

Логотиптеги кызыл түс — өлкөнүн байрагынын түсү, ал эми анын айланасындагы көк түс — гербдин түсү. Гербде «Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгына» деп жазылган. Логотиптин ортосуна шумкардын элеси түшүрүлүп, тоолор менен катар «30 жыл» деген жазуу жайгаштырылган. Эмблема кыргыз улуттук оюулары менен кооздолгон.

«Спутник» басылмасы логотиптин эскизи расмий документтерде, ошондой эле коомдук иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө колдонуларын жазды. Мелдештин байге фонду — 50 000 сом.

Кыргызстан 1991-жылы 31-августта көз карандысыздыкка ээ болгон.

Салтка айлангандай бул күнү өлкөнүн бардык аймактарында расмий майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бирок өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам жана эпидемияга каршы чараларга байланыштуу майрам онлайн форматта белгиленип, массалык иш-чаралар өткөн эмес.

Ошентсе да Ала-Тоо аянтында майрамдык азем уюштурулуп, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөгөн. Ал эми иш-чара бүткүл өлкөгө түз эфирде көрсөтүлгөн.

Быйылкы жылы пандемияга карабастан өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган расмий иш-чаралар өткөрүлөт. Майрамдык салтанаттын планында Бишкек шаарында жана аймактарда өтүүчү 100дөн ашык иш-чаралар камтылган.

Министрлер кабинети белгилегендей, бардык иш-чаралар өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, санитардык стандарттарга жана талаптарга ылайык жүргүзүлүшү керек.

26-июлда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстан коронавирустун үчүнчү толкунун басып өткөнүн айткан. Ал эми өлкөдө COVID-19дун үчүнчү толкуну башталгандыгы тууралуу министрлик 15-июлда кабарлаган болчу.