Рейхан Инанды Түркиянын Кыргызстандагы элчисин сотко берди

Орхан Инандынын жубайы Рейхан Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды сотко берди. Бул тууралуу Инандынын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Рейхан Инанды

«Сапат» кыргыз-түрк лицейинин президенти Орхан Инанды Кыргызстандан түрк атайын кызматы тарабынан уурдалып кеткен — ал Түркияда террордук уюм деп таанылган FETO менен байланышы бар деп айыпталууда.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган дагы Инандыны FETO уюму менен байланышы бар деп айыптаган.

Рейхан Инанды Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылып, Түркия элчисинин анын күйөөсүн «ФЕТОнун Борбор Азиядагы жетекчиси» деп айтканын жалган жана Инандынын кадыр-баркына доо кетирген билдирүү деп табууну өтүндү.

Ахмет Садык Доган.

«Ахмет Садык Доган менин жолдошум жөнүндө чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратты. Анда айтылгандар бир гана Орхан Инандынын эмес. бүткүл биздин үй-бүлөнүн кадыр-баркына доо кетирди. Күнөөсүздүк презумпция принцибине ылайык, кылмыш жасоого шектелген ар бир адам сот отуруму болмоюнча күнөөлүү деп эсептелбейт», — деп белгиленген арызда.

Ошондой эле, Орхан Инандынын жубайы Түркия элчисин маалыматты төгүндөөгө милдеттендирүүнү суранган.

Ахмет Садык Доган «Вечерний Бишкекке» курган маегинде Орхан Инанды Борбор Азияда ФЕТОго жетекчилик кылган, «карапайым адамдарды алдап, алардын акчаларын ыплас максаттарына колдонгон» деп билдирген.

«Менимче “уурдоо” деген — туура эмес сөз. Туура сөз — кармоо жана сотко өткөрүү. Ошол эле кезде Кыргызстандын эмгемендигине доо кеткен жок», — деген ал.

Орхан Инандынын уурдалышы

«Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды 31-майда Бишкекте дайынсыз жоголгон. Кыргызстанда ал бир айдан ашык изделип, башка өлкөлөрдөн да Интерпол аркылуу изделген.

Бирок анын дайыны 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өзү Инанды Түркияга атайын операциянын алкагында алынып келингенин билдиргенде белгилүү болгон.

Режеп Тайип Эрдоган түрк атайын кызматы Орхан Инандыны Түркияга алып келгени тууралуу айтып жатат

Анын айтымында, Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматы (МИТ) «террористтик уюмдун жогорку мансаптуу мүчөсүн» кармап, Түркияга алып келген. Ошондой эле, ал аталган атайын операциянын алкагында Түркияга 100дөн ашуун адам жеткирилгенин билдирген.

«Сапат» билим берүү мекемелери Түркида диниятчы Фетхуллах Гүлендин ФЕТО кыймылы менен байланыштырышат — ал Түркиядатеррористтик деп таанылган.*

12-июлда Түркиянын соту Инандыны куралдуу террористтик уюмду башкарууга шектеп камакка алган.

TRT улуттук телеканалдын маалыматы боюнча, Орхан Инанды көрсөтмөсүндө Түркияда террористтик деп таанылган FETO оппозициячыл ислам уюмуна байланыштуу маалымат берген. Журналисттер белгилешкендей, Инанды өкүнүү жөнүндө жобону колдонгусу келбей койгон.

Орхан Инандынын адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз кийинчерээк «Сапат» мектебинин президенти Бишкекте кыргыз улутундагы үч киши тарабынан уурдалганын, Инанды аларды буга чейин көрбөгөнүн айтып берген.

Йылмаз Инанды күнөөнү мойнуна албаганын жана тергөө менен кызматташуудан баш тартканын айтып берген. Ошол эле учурда, өзүнүн Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу суроолорго ачык жооп берген.

Түркиянын ири «Анадолу» маалымат агенттиги (49% акциясы мамлекетке таандык) 16-июлда өлкөнүн Башкы прокуратурасы «Сапат» билим берүү лицейлеринин президенти Орхан Инандыны 22,5 жылга кесүүнү суранып жатканын билдирди.