Мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков 78 жашында көз жумду

Үсөн Сыдыков. Сүрөт: «Азаттык»

Саясатчы, мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков 28-июлда 78 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маркумдун жакындары «Азаттыкка» Сыдыков акыркы убакта «бир аз ооруп жүргөнүн» билдиришкен.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 29-июлда саат 10:00, Опера жана балет театрынын алдында өтөт.

Сыдыков 1943-жылы Ош облусундагы Хиля айылында туулган. Ал 1971-1992-жылдары Лейлек, Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунда, Ош облусунда коммунисттик партиянын жетекчиси болуп иштеген.

Сыдыков 1995- 2000- жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

2000-жылдары Айыл чарба рыногунун башкы департаментинин башкы директору, 2004-жылдын 5-ноябрынан баштап - жаңы түзүлгөн «Кыргызстан Элдик Кыймылынын» аткаруу комитетинин төрагасы болгон.

Кийин 2006-жылы 10 майдан баштап ошол кездеги президентинин Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, 2006-2008-жылдары мамлекеттик кеңешчиси болуп иштеген. Мындан сырткары, ал «Жаңы Кыргызстан» партиясынын лидери дагы болгон.

Сыдыков Кыргызстандын түштүгүндө «контрреволюциялык акцияларды уюштурган» деп айыпталган. Ал Ош, Жалал-Абад жана Баткендеги бийликти күч менен басып алуу боюнча бийликтен кулатылган ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин тарапкерлери менен болгон телефон сүйлөшүүлөрүнүн жазуусу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарыяланып, 2010-жылы 14-майда Ноокатта камакка алынган. Бирок соттун чечими менен ошол эле жылы 2010-жылы 2-июлда үй камагына чыккан.