Олимпиада — 2021. Суучул Денис Петрашов жарым финалга өтпөй калды

Кыргыз суучулу Денис Петрашов 27-июлда брасс стилинде 200 метр аралыкка жарышка чыкты.

Олимпиада оюндарынын сайтындагы жыйынтыктын скриншоту.

Петрашов өз бөлүгүндө 2 мүнөт 10,07 секунд убакытта биринчи келди. Бирок мелдештин жалпы жыйынтыгынан кийин болгону 16 спортчу жарым финалга өттү — Петрашов 18-орунду ээледи.

Сууда сүзүү боюнча жарышка ар кайсыл мамлекеттерден келген 40 суучул катышты.