Бир нече депутат фейктер боюнча мыйзамга добуш бербегенин айтып чыкты

Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Айсулуу Мамашова жана Чыңгыз Макешов 29-июлда Гүлшат Асылбаеванын «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзамына добуш бербегенин билдирди.

Иманалиевдин айтымында, анын ордуна кесиптештеринин бири добуш берип койгон, депутат өзү катышкан эмес. Ал эч кимге ишеним кат дагы берген эмес.

Бирок депутат кайра добушка коюуну талап кылбайт, болгону жыйында стенограмма үчүн баса белгилеп айтарын билдирди.

«Мен бул мыйзамга башынан каршымын. Стенограмма үчүн каршы деп белгилеп койсоңуздар», — деди Иманалиев 29-июлдагы парламент жыйынында.

Мамашованын айтымында, ал дагы 28-июлдагы добуш берүүгө катышкан эмес.

«Мен жок болчумун, белгилеп коюуну суранам», — деп билдирди Мамашова 29-июнда.

Ошону менен бирге, kaktus.media басылмасына курган маегинде кечээги жыйынга катышсам каршы добуш берет болчумун деп билдирген.

Макешовдун айтымында, ал дагы добуш берүүгө катышпай калган. Ал тургай Бишкек эмес болчу.

«Учуп келгенден кийин тактайм жана керек болсо соттошом», — деп жазган ал Фейсбук барагына.

Чыңгыз Макешовдун Фейсбук барагынан скриншот.

Чуулгандуу долбоорго кайрадан добуш берүү

Парламент 30-июнда четка каккан «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорун 28-июлда кайрадан добушка коюп кабыл алды.

Бир катар депутаттар жыйын учурунда кайрадан добушка коюуну суранышты. Жыйынтыгында мыйзам долбоорун кабыл алууга 97 депутат «макул» деп добуш берди, болгону беш эл өкүлү «каршы» экенин билдирди. Эми мыйзам күчүнө кириш үчүн президент кол коюшу керек.

Аталган мыйзам долбоору өтпөй калганда, ошол эле күнү депутаттардан кайра добуш берүүнү өтүнүшкөн — анда Бекешев мындай өтүнүч менен депутаттарга президенттин администрациянын өкүлү өзү кайрылганын билдирген. Бирок анда өтүнүч ишке ашкан эмес.

Депутаттар «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» талаштуу мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаров менен мамлекеттик резиденцияда формалдуу эмес жолугушуусунан кийин эртеси кабыл алышкан.