Депутаттар фейктер боюнча чуулгандуу мыйзам долбоорун кабыл алды

28-июлда депутат Гулшат Асылбаеванын «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзам долбоору парламент тарабынан кайрадан добушка коюлуп кабыл алынды.

Мыйзам долбоорун кабыл алууга 97 депутат «макул» деп добуш берди, болгону беш эл өкүлү «каршы» экенин билдирди. Эми мыйзам күчүнө кириш үчүн президент кол коюшу керек.

Ага ылайык эгерде интернетте жалган маалымат таратылса соттун чечими жок эле колдонуучунун жүзү ашкереленип, сайттардын ишине бөгөт коюлат.

Мыйзам долбооруна добуш берүүнүн протоколу. Сүрөт: Дастан Бекешев.

Депутаттар «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» талаштуу мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаров менен мамлекеттик резиденцияда формалдуу эмес жолугушуусунан кийин эртеси кабыл алышты.

«Чайлашуу текке кетпептир, кесиптештеримди көндүрүптүр», — деп комментарий берди Бекешев.

Депутат Жанар Акаев дагы президент менен чайлашууга барган эмес жана мыйзам долбооруна каршы добуш берди. Ал эми Жапаровдун эл өкүлдөрүн кабыл алуусун «мамлекеттик коррупция» деп атады.

«Эртең депутаттар президенттин шайлоо жөнүндө мыйзамын кабыл алышы керек, а бүгүн бир дасторкондо тамак ичишет. Муну кандай түшүнсө болот? Мен кечээ өлкө башчысы менен жолугуп, кабыл алууга келбесимди айткам. Ал иш-чарага артисттер чакырылыптыр, жылкы союлат экен. Кимдин акчасына өткөрүлүп жатат?» — деп нааразы болгон Акаев.

Белгилеп кетүүчү жагдай, аталган мыйзам долбоорун кароо күн тартибине кирген эмес. Ал эми 30-июнда депутаттар ушул эле мыйзам долбоорун кабыл алууга каршы добуш беришкен. Башкача айтканда, четке каккан болчу. Регламент боюнча депутаттар бул документти кайра добушка коюуга акысы жок болчу.

Бирок, 28-июль күнү кечинде бир катар депутаттар мыйзам долбоорун кайрадан добушка коюу сунушун киргизишти. Алардын арасында мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлшат Асылбаева дагы бар. Алардын айтымында, 30-июндагы добуш берүүдө айрым депутаттардын укугу бузулган.

«Регламент боюнча кайра добуш берүүгө койсо болот. Спикерге кат түрүндө кайрылуу болгон. Добуш берүү учурунда депутаттардын укугу бузулган. Мыйзам долбоору четке кагылган деп айтуу туура эмес. Биз мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алганбыз, ал президентке кол коюуга жөнөтүлгөн. Биз макулдашылган вариантын гана талкуулаганбыз, азыр ошол вариантын гана карайбыз. Эгерде макулдашылган варианты экинчи ирет өтпөй калса, анда мыйзам долбоорунун президенттин каршы пикири менен кайтарылып берилгенге чейинки, Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынган алгачкы редакциясы кабыл алынат», — деп билдирди Асылбаева.

Депутат Дастан Бекешев болсо ал күнү регламент тартиби бузулбаганын белгиледи.

«Андай кылбагыла, президент айтып койсо эле түшүнбөй калдык, туура эмес добуш бердик деп айтып чыгасыңар. Чоң эле кишисиңер го. Долбоор кабыл алынган эмес. Регламент боюнча 6 айдан кийин жаңы чакырылыш келип карайт», — деди ал.

Аталган мыйзам долбоору өтпөй калганда, ошол эле күнү депутаттардан кайра добуш берүүнү өтүнүшкөн — анда Бекешев мындай өтүнүч менен депутаттарга президенттин администрациянын өкүлү өзү кайрылганын билдирген. Бирок анда өтүнүч ишке ашкан эмес.

Мыйзам долбоорунун тарыхы

«Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору — бул «Маалыматты манипуляцилоо жөнүндөгү» чуулгандуу мыйзамдын кайрадан иштелип чыккан варианты. Мыйзам долбоорун бир жыл мурда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков толуктап, кайрадан иштеп чыгуу үчүн артка кайтырган.

«Маалыматты манипуляцилоо жөнүндөгү» чуулгандуу мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген. Бирок көбүнчө Асылбаевага тиешелүү деп элге сиңип калган, себеби ал мыйзам долбоорун коргоп, сын айткан колдонуучуларды «фейктер жана троллдор» деп атаган.

Президент мыйзам долбоорун кайра кароого жөнөткөндон кийин көпкө чейин унутта калган, бирок 31-майда мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүшкөн.

Мыйзам долбоору эмне жөнүндө?

Мыйзам долбоорунда Кыргызстандын бардык сайттары менен социалдык тармактардын колдонуучулары тууралуу маалыматтар топтолгон кандайдыр бир Бирдиктүү идентификациялоо системасын түзүү жөнүндө жазылган. Документте мындай базаны кайсы мамлекеттик орган түзөөрү, ким камсыздайт жана ким каржылай турганы көрсөтүлгөн эмес.

Ошондой эле, кайсы бир «ыйгарым укуктуу орган» интернет-провайдерлер, сайт ээлери жана сайттардын барактары аркылуу бардык анонимдүү колдонуучуларды идентификациядан өткөрүүгө тийиш. Өз дарегине жалган, такталбаган маалымат таратылган жеке тараптар менен юридикалык жактар дагы ошол эле «ыйгарым укуктуу органга» кайрыла алат.

Мыйзам долбоорунда «ыйгарым укуктуу органга» сот чечимин күтпөй эле каалаган интернет-сайтка бөгөт коюуга укук берген ченем жазылган.