«Мамлекеттик коррупция». Президенттин кабыл алуусуна кимдер барган жок?

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев президенттин депутаттарды кабыл алуусун «мамлекеттик коррупция» деп атады. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы жазды.

«Эртең депутаттар президенттин шайлоо жөнүндө мыйзамын кабыл алышы керек, а бүгүн бир дасторкондо тамак ичишет. Муну кандай түшүнсө болот? Мен кечээ өлкө башчысы менен жолугуп, кабыл алууга келбесимди айткам. Ал иш-чарага артисттер чакырылыптыр, жылкы союлат экен. Кимдин акчасына өткөрүлүп жатат?» — деп билдирди Акаев.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы бул боюнча «Клооптун» суроосун жоопсуз калтырды.

Акаевдин айтымында, мындай иш-чара буга чейин болгон эмес. Бир гана жолу Алмазбек Атамбаевдин атынан анын туулган күнүнө карата чакыруу болгон.

Басылманын маалыматына караганда, мамрезиденцияга президент менен жолугушууга Жанар Акаевден башка да бир катар депутаттар барган эмес. Дастан Бекешев, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, Абдывахап Нурбаев жана Экмат Байпакбаев дагы салтанатка катышкан жок. 

Байпакбаев ден соолугуна байланыштуу бара албай калган, бирок мындай жолугушуулар өлкөгө пайда гана алып келет деп эсептейт. Ал эми Бекешев ал мезгилде Кытайга сапар алган рак оорусуна кабылган англиялык велосипедчи менен жолукканы айтылууда.

Президент чай бергенде 

Жогорку Кеңештин депутаттары 27-июлда Ак үйдүн имаратынын алдында автобустарга отуруп, президент менен жолугуу үчүн «Ала-Арча» резиденциясына жөнөп кетишкен. Депутаттардын айтымында кайсыл маселелер талкууга алынарын билишкен эмес.

Ал эми Сайдулла Нышанов менен Үмбөталы Кадыралиев парламенттин мөөнөтү аягына чыгып, салтка айланткан чай үчүүгө бара жатканын айткан.