Рыскелди Момбеков: Президент эки жолу чай бергенде эрип кеттиңерби?

Рыскелди Момбеков жана президенттин чайына бараткан депутаттар. Коллаж: Айбике Адилет кызы/Kloop

Депутат Рыскелди Момбеков 28-июлда айрым депутаттар президент Садыр Жапаров менен резиденцияда жолугуп чай ичкенден кийин позицияларын өзгөрткөнүн айтып, «чай бергенге эрип кеттиңерби» деп сынга алды.

Аталган күнү эл өкүлдөрү «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзамдын долбоорун карап, 3%дык шайлоо босогосун 5%га көтөрүүнү колдоп беришкен.

Момбековдун айтымында, мыйзам долбоору биринчи окууда каралганда босого 3% болчу. Ал октябрь окуяларына дал ушул босогонун жогорулугу себеп болгонун белгилеп, «кайрадан октябрь окуяларына карай баратасыңар» деп эскертти.

«Былтыр 1 миллионго жакын добуштар — “Мекенчил” партиясынын 132 миң, “Республиканын” 120 миң, “Ата-Мекендики” 80 миң, “Бир болдуку” 60 миң, “Социал-демократтар”, “Замандаш”, “Чоң-Казаттын” 40 миңден добуштары күйүп кеткен. Анан ыңкылаб чыккан. Азыр ушундай болбойт деп кимиңер кепилдик бересиңер? Ким нааразы болбойт дейсиңер? 5% деген чоң да», — деди ал.

Депутат босогого эки пайыздын кошулушун «президент Садыр Жапаровдун депутаттарга мамлекеттик резиденцияда эки жолу чай бергени менен» байланыштырды.

«[Президент] эки жол чай бергенде эрип кеттиңерби же эмне болуп кетти айткылачы?! Эмне үчүн эки пайыз кошулуп калды? Президент үч эле пайыз менен киргизген, эки пайызды ким кошту?» — деп суроо салды ал.

Анда мыйзам долбоорунун авторлордун бири депутат Алтынбек Сулайманов босого пайызын жогорулатуу сунушу парламенттик комитетте каралып, комитет өзү жактырганын билдирди.

Рыскелди Момбеков авторлор пайызды жогорулатууда референдумга катышкан элдин санын «эсептеп алган болушу мүмкүн» дейт. Ал парламенттик шайлоого эл көп келээрин айтып, мындан улам партиялар тиешелүү добуш ала албай калышы мүмкүн деп тынчсызданды.

«Силер “1 миллион келет, 5% болсо 50 миң добуш менен өтөт” деп ойлобогула. Референдум башка, парламенттик шайлоого 2 миллион киши катышат. 100 миң болуп жатат. А 100 миң ала албаган партиялар күйүп кетип жатпайбы. Анан каяктагы теңдик бул? Бечара партиялардын баарын босого менен чаап жатпайсыңарбы», — деп кейиди эл өкүлү.

Президенттин чайы

Жогорку Кеңештин депутаттары 21-июлда автобустарга отуруп резиденцияга жөнөп кетишкен. Анда депутаттар өлкө башчысы менен шайлоо мыйзамын, айрыкча келе жаткан парламенттик шайлоону талкууга алышканын билдиришкен.

Ал эми 27-июлда депутаттар кайрадан резиденцияга чайга чакырылган. Депутаттардын бири президент депутаттарды чайга шайлоо мыйзамын өткөрүп берүүсү үчүн чакырып жатканын ачык эле айткан.

Чайга барбаган депутаттардын бири Жанар Акаев болсо президенттин депутаттарды сыйлаганын «мамлекеттик коррупция» деп атаган.

«Эртең депутаттар президенттин шайлоо жөнүндө мыйзамын кабыл алышы керек, а бүгүн бир дасторкондо тамак ичишет. Муну кандай түшүнсө болот? Мен кечээ өлкө башчысы менен жолугуп, кабыл алууга келбесимди айткам. Ал иш-чарага артисттер чакырылыптыр, жылкы союлат экен. Кимдин акчасына өткөрүлүп жатат?» — деп суроо салган ал.

Парламент 28-июлда «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү үчүнчү окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоору тууралуу: «5%дык босого, 90 мандат». Депутаттар шайлоо мыйзамына түзөтүү киргизүүнү колдоду

Өткөн жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил «Биримдик», «Кыргызстан», экс-бажычы Райымбек Матраимовго таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиялары алдынкы орундарда жеңишке жетишкен.

Буга нааразы болгон 12 партия жана жарандык коом шайлоонун эртеси митингге чыгып, ал массалык толкундоолорго алып келген. Жыйынтыгында өлкөдө бийлик алмашып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.