«5%дык босого, 90 мандат». Депутаттар шайлоо мыйзамына түзөтүү киргизүүнү колдоду

Парламент 28-июлда «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү үчүнчү окууда кабыл алды.

Шайлоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун 107 депутат колдоду, экөө каршы добуш берди.

Парламент кабыл алган мыйзам долбооруна ылайык, добуш берүүнүн жаңы системасын киргизүү сунушталууда. Анда Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат. Азыркы учурда 120 эл өкүлү бар.

Шайлоо системасы дагы өзгөрөт — аралаш система ишке кирет. Парламентке бир мандаттуу шайлоо округунан 36 депутат жана партиялык тизме менен 54 депутат шайланып келет. Бир мандаттуу округдардан өзүн өзү көрсөткөндөр жана партия мүчөлөрү дагы талапкер боло алат.

Партиялар үчүн шайлоо босогосу дагы 5%га өзгөртүлдү. Андан тышкары, түзөтүүлөрдө үгүтчүлөрдүн максималдуу саны көрсөтүлгөн — партиялар 10 миңден ашпаган агитатор жалдай алышат. Ал эми бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлердин үгүтчүлөрүнүн саны 500дөн ашпоого тийиш.

Аны менен катар парламент гендердик квотага өзгөртүү киргизди — аялдарга ар бир үчүнчү эмес, төртүнчү депутаттык мандат берилет. Мыйзам күчүнө кириш үчүн президент кол коюуга тийиш. Ошол эле учурда, кезектеги парламенттик шайлоо качан өтөөрү айтыла элек.

Буга чейин президент Садыр Жапаров шайлоо 2021-жылдын октябрь айында өтөрүн айтып келген. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова болсо 28-июлдагы жыйында шайлоо ноябрь айынын аягында өтүшү мүмкүн экенин айтты.