Суу — бул сарамжал пайдаланууну талап кылган баалуу ресурс экенин кыргызстандыктар эми гана түшүнө баштады. 2021-жылы кургакчылык каптап, суу тартыш болуп дыйкандар кыйналды. Айдоо аянттарында эгин-тегин күйүп кетүү коркунучу жаралды. Айрым шаарларда суу ыксыз колдонулгандыктан утур-утур чорголордон таптакыр эле жок болуп кетет. Ал эми сууга байланыштуу чек ара чырларына кыргызстандыктар көнүп деле калган.

Жакынкы он жылдыкта температура жогорулап, мөңгүлөр эрип сууга байланыштуу ушул жана башка көйгөйлөр күчөгөндөн күчөй баштайт.