Ош: Гүлчө суусуна автоунаа түшүп кетип, эки адам каза болду

Ош облусунун Алай районунда 30-июлда «Тойота Ист» үлгүсүндөгү автоунаа Гүлчө суусуна оодарылып кетип, эки адам каза болду. Анда унаанын айдоочусу рулду башкара албай калганы айтылууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, кырсык Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 93-чакырымындагы Кызыл-Коргон айылында катталды.

Кырсык болгон жерге Алай райондук №68 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн төрт куткаруучу тартылып, унаанын ичинен 51 жаштагы эркек кишинин жана 50 жаштагы аялдын сөөгүн алып чыгышты. Алар каза болгон адамдардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Ушундай эле кырсы үстүбүздөгү жылдын 24-июнунда катталган. Анда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Көңдүк айылындагы Тар дарыясына «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Унаада жалпы беш адам болгон, алардын экөө куткарылып, үч адам сууга агып кеткен, алардын арасында төрт жашар наристе дагы болгон.

Куткаруучулар сууга агып кеткен эки аялдын сөөгүн эки күндөн кийин табышкан. Ал эми наристенин сөөгүн издөөнү улантуу үчүн ӨКМнин куткаруучулары, милиция кызматкери жана 40 жергиликтүү тургундан турган ыктыярчылар тартылган. ӨКМнин маалыматына караганда наристенин сөөгү 13-июлда Кара-Таш айылынын жергиликтүү тургундары табышкан.

Өлкөдө адам өмүрүн алган кырсыктар көп болуп жаткандыктан президент Садыр Жапаров 14-июнда ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырган.

Ал жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырган.