Кара-Кулжа: Жол кырсыгынан улам дарыяга түшүп кеткен наристенин сөөгү табыла элек

24-июнда Кара-Кулжа районуна караштуу Көңдүк айылынын Тар дырыясына түшүп кеткен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын ичинде болгон эки аялдын сөөгү табылды. Ал эми төрт жашар наристе табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, министрликтен унаанын ичинде беш адам болгонун кабарлашкан. Куткаруучулар 41 жаштагы айдоочу жана 13 жашар жүргүнчү кызды сактап калууга үлгүргөн. Калганы дайынсыз болушкан.

Сууга агып кеткен наристенин сөөгүн издөө иш-чарасына ӨКМнин 19 куткаруучусу, эки милиция кызматкери жана 40 жергиликтүү тургундардан турган ыктыярчылар тартылды.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Жалал-Абадда мал кайтарып жатып дарыяга чөгүп кеткен баланын сөөгү табылды