Хакерлер Беларустун паспорттук системасын бузуп, Бакиевдин маалыматтарын чыгарышты

Беларуста президент Александр Лукашенкого каршы чыгып жүргөн жашыруун «Киберпартизандардын» тобу өлкөнүн паспорттук системасын бузганын билдиришүүдө.

Алар беларустардын бардык паспорттук маалыматтарына, ИИМдин базасына, андан сырткары ИИМдин убактылуу кармоо изоляторлорунун камераларына жеткилик алышканын айтышууда. Ошондой эле аларда күч түзүмдөрүнүн жетекчилиги жана Лукашенконун жакынкы чөйрөсү тууралуу «жашыруун жазмалар» бар.

Хакерлер Telegram-каналга маалыматтардын бир бөлүгүн чыгарышкан. Алардын арасында Беларус БШКсынын төрайымы Лидия Ермошина, Республикалык Кеңештин төрайымы Наталья Качанова, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин башчысы Иван Тертель жана Кыргызстандын бозгун президенти Курманбек Бакиевдин маалыматтары бар.

«Настоящее время» телеканалы «Киберпартизандар» менен байланышып, аларда чындап эле беларустуктардын көбүнүн маалыматтары бар экенине ынанган. Алар телеканалга эки жарандын аты-жөнү жана туулган жылы тууралуу маалыматты көрсөтүшкөн.

«“Киберпартизандар” маалымат издөөгө бир нече мүнөт кетирди: алар жөнөткөн досьеде [жарандын] жашаган жана иштеген жери, толук паспорттук маалыматтар, анын ичинде техникалык (мисалы, паспортто виза чаптаганга орун калбай калганы тууралуу) маалыматтар бар. Хакерлер бир адамдын ата-энеси тууралуу дагы маалыматты, паспорттордогу сүрөттөрдү жөнөтүштү: биринде үч сүрөт болгон, башкасында төрт сүрөт — сүрөттөр бир нече жылдык айырма менен тартылып, эч качан интернетке жарыяланган эмес», — деп айтып беришти телеканалдын журналисттери.

Курманбек Бакиев

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2021-жылдын 8-июлдагы маалымат жыйында бозгун президент Курманбек Бакиев менен анын уулу Максимге «Кумтөр» ишине байланыштуу издөө жарыяланганын билдирген. Анткен менен Курманбек Бакиев 10 жылдан бери Беларуста жашап жатканы эч кимге жашыруун эмес. Ал үй-бүлөсү менен 2010-жылы, бийликтен кулагандан кийин чыгып кеткен.

Белоруска анын башка туугандары да чыгып кетишкен — мурдагы өлкө башчысынын бир тууганынын уулу Асылбек Салиев менен небереси — Марат Бакиевдин уулу — Руслан Бакиев.

Курманбек Бакиев алгач президенттин «Плавно» резиденциясында жашап жүргөн, кийин Минск шаарынын элиталуу району «Дроздыга» көчүп кеткен. Ал эми 2017-жылы Минсктин «Лебяжий» районунда үй куруп бүткөнү белгилүү болгон.

Ал эми 2020-жылы июлда Лукашенко Бакиевге 70 сотых жерди «өмүр бою ээлик кылуу үчүн мурас катары» бергени белгилүү болгон — бул «Заславль-2» президенттин резиденциясынан анча алыс эмес аймактагы 45 сотых жана ортодогу 25 сотых жер.