Олимпиада: Айпери Медет кызы 3:2 эсебинде утулду, эми ал коло үчүн күрөшөт

Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасындагы 76 килограмм салмакка чейинки эркин күрөштө Айпери Медет кызы жарым финалда утулду.

Анын атаандашы АКШнын спортчусу Аделайн Мариа Грей беттешти 3:2 эсебинде жеңди. Эми ал коло медаль үчүн күч сынашат.

Ал арада Медет кызыныны кыргызстандык күйөрмандары калыстар мелдешти «туура эмес баалашканын» айтып нааразы болушууда. Алар калыстар америкалык спортчуга «ачык эле тартып коюшту» деген пикирде.

Кыргыз балбаны үчүнчү орун үчүн Тунис спортчусу Зайнеб Сгайер же Түркиянын спортчусу Ясемин Адам менен беттешиши мүмкүн. Анткени бул спортчулар 2-августта беттешет. Утулганы Айпери Медет кызы менен коло үчүн күрөшөт.

Айпери Медет кызы жарым финалга чейин эки беттеш өткөргөн. Биринчи беттеште казакстандык Элмира Сыздыкованы 6:1 эсебинде, чейрек финалда орусиялык спортчу Наталья Воробьеваны 12:0 эсебинде уткан.

Айпери Медет кызы 22 жашта. Ал жаштар арасындагы дүйнө чемпиону. Ал 2020-жылы Белград шаарында өткөн 23 жашка чейинки кыздар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган.

Кыргызстандын күрөш боюнча олимпиадалык курамасы Токиого 28-июлда учуп кеткен. Ага Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова кирген.

Олимпиадада биринчи болуп килемге Айпери Медет кызы чыкты. Андан кийин, 2-август саат 08:30да Мээрим Жуманазарова медал үчүн күрөшөт. Ал эми Айсулуу Тыныбекова таймашка 3-августта саат 08:30да чыгат.