Олимпиада оюндары: Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты

Эркин күрөш боюнча кыргыз спортчусу Айпери Медет кызы Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында жарым финалга чыкты. Ал 74 кг салмакка чейинки категорияда беттешип жатат.

1-август күнү эртең менен Медет кызы орусиялык Наталья Воробьеваны 12:0 эсеби менен жеңди.

Жарым финалда кыргыз спортчусу америкалык Аделайн Грей менен беттешет.

Буга чейин Медет кызы казакстандык Элмира Сыздыкованы 6:1 эсебинде жеңген.

Сүрөт: Prosports.kz.

Кыргызстандын күрөш боюнча олимпиадалык курамасы Токиого 28-июлда учуп кеткен. Ага Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова кирген.

Сүрөт: КТРК

Олимпиадада биринчи болуп килемге Айпери Медет кызы чыкты. Андан кийин, 2-август саат 08:30да Мээрим Жуманазарова медал үчүн күрөшөт. Ал эми Айсулуу Тыныбекова таймашка 3-августта саат 08:30да чыгат.