Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында күйүүчү май өтүп турган түтүк табылды

Баткен облусунун Лейлек районундагы Интернационал айылында кыргыз-тажик чек арасы аркылуу өткөн күйүүчү-майлоочу материалдарды сордуруучу түтүк табылды. Бул тууралуу 2-августта УКМКнын чек ара кызматы кабарлады.

Чек арачылар аймакты текшерүүдө күйүүчү-майлоочу материалдар менен жүк ташуучу унаанын дөңгөлөктөрүнүн издерин дагы аныкташкан.

«Түтүктүн узундугу 200 метрден ашуун болуп чыкты. Бул боюнча материалдардын баарын чек ара кызматы Лейлек райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берди. Учурда милиция тарабынан териштирүү иштери башталды», — деп билдиришти чек ара кызматынан.

Тийиштүү иш-чаралардан кийин чек ара кызматкерлери тарабынан күйүүчү майды сордурууга коюлган түтүк жок кылынды.

24-мартта Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек чарасынан 8 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган айдоочулар кармалган. Текшерүү учурунда алардын номуру жасалма болгону жана кузовдун ичи күйүүчү май ташууга ылайыкталып жасалганы аныкталган.