Лейлекте 8 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек чарасынан күйүүчү майды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган айдоочулар кармалды. Жүктүн жалпы көлөмү болжолдуу түрдө 8 тоннаны түзгөн.

24-мартта «Коргончо» чек арасынан коңшу өлкөдө катталган эки «Хюндай-Старекс» унаалары кармалган. Текшерүү учурунда алардын номуру жасалма болгону жана кузовдун ичи күйүүчү май ташууга ылайыкталып жасалганы аныкталган.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмышка» аракеттенүү жана «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды. Ишке катышкан адамдарды аныктоо үчүн ыкчам-тергөө иштери жүрүзүлүүдө.

Үч жума мурун ушул эле райондо коңшу өлкөгө мыйзамсыз 40 тонна күйүүчү май алып өтүүгө аркет кылган 4 жүк ташуучу унаа кармалган.