Бир кадр менен: Аскар Акаев Бишкекке конгон учактан түшүп келе жатат

Кыргызстандын тактан кулатылган туңгуч президенти Аскар Акаев 2-августта Бишкекке келди. Мурдагы саясатчынын учактан түшүп келе жаткан сүрөтүн журналист жана «Манас» аэропортунун директорунун кеңешчиси Дайырбек Орунбеков жарыялады.

Акаев Москва шаарынан келген учактан түшкөнү айтылууда. 

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы Акаев Бишкекке келгенин тастыктаган. Ведомствонун маалыматына караганда, ал УКМКга жеткирилген. Имарат туш тарабынан курчоого алынуу.

«Анын катышуусунда “Кумтөр” кенине байланыштуу кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп билдирген УКМК.

Комитеттен белгилешкендей, УКМК «Кумтөр» иши менен катар «тарыхый адилеттикти орнотуу үчүн» Акаевди жоопко тартуу боюнча күжүрмөн иштеген.

Бирок экс-премьер-министр Феликс Куловдун айтымында, Акаев өзү мекенине кайтып келүүнү чечкен.

«Садыр Жапаров айкөлдүк кылып мурдагы президентке өлкөгө кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк берди. Менин билишимче, Аскар Акаевди эч ким мажбурлаган жок. Ал Бишкекке келгенден кийин УКМКга барды», — деп билдирген Кулов.

Акаев 1991-жылдан тартып 2005-жылга чейин Кыргызстандын президенти болгон. Ал 2005-жылы, «жоогазын революциясы» деп аталган төңкөрүштөн кийин өлкөдөн качкан. Андан кийин ал Москвада отурукташып, илимий ишмердикке кайткан.Тема боюнча: Аскар Акаев Кыргызстанга келди, ал УКМКга жеткирилди