Бир кадр менен: Мушкер Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди

3-августта Кыргызстанга мушкер, UFC’нин жеңил салмактагы экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов келди. Ал Ысык-Көлдө өтүүчү Eagles Fighting Championship* (EFC) лигасынын аралаш мушташ боюнча турнирине күбө болмокчу.

*Eagles FC (Fighting Championship) — ММА эрежеси боюнча өтүүчү мушкердик лига. Промоушендин президенти жана ээси Хабиб Нурмагомедов.

Хабиб Нурмагомедов. Сүрөт: EFC

«Бүгүн Хабиб Чолпон-Атада өтө турган EAGLE FC 38 турнирине келет», — деп билдиришти промоушенден.

Турнир 3-августта саат 17:00дө башталат. Анда 19 беттеш болот, анын ичинде орусиялык Руслан Яманбаев менен кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулунун таймашы маанилүү деп саналат.

Хабиб Нурмагомедов — таймаштын аралаш түрлөрү боюнча орусиялык UFC мушкери. UFCнин женил салмактагы мурдагы чемпиону.

Профессионалдык деңгээлде 29 таймашка чыгып, бир дагы жолу жеңилүү ызаасын тарткан эмес.