Ош шаардык кеңештин жаңы шайланган депутаттарына 2-августта мандат алышты. Эл өкүлдөрүнө мандаттарды Боршайкомдун мүчөсү Узарбек Жылкыбаев тапшырды.

Анткен менен, мандат алган депутаттар менен партиялардын алгачкы тизмесиндеги талапкерлер кыйла айырмаланат. Партиялар муну «жумшак рейтинг» деп аташат, ага ылайык, шаардык кеңешке тизмеде биринчи орундарда тургандар эмес, эң көп добуш алган талапкерлер өтүшөт.

Ал эми журналисттер муну шайлоодогу манипуляция деп атайт. Анткени партиялар үгүт маалында шайлоочуларга жагымдуу талапкерлерди алдыңкы тизмеге коюп, шаардык кеңешке өткөндөн кийин мандатты башка талапкерлер алышат.

«Клооп» талапкерлердин алгачкы тизмесин жана Ош шаардык кеңешке иш жүзүндө келген депутаттарды салыштырып, мандат алган 20 депутат талапкерлер тизмесинен өйдө көтөрүлгөнүн аныктады.

«Ата-Журт Кыргызстан»

Мандат алгандарАлышы керек болчу
Элдар Сулайманов (№43 болгон)Сонунбек Жунусбаев
Мелис Жусупов (№26 болгон)Жыргалбек Тажибаев
Гүлсара Кулдышева-
Мирбек Маматов-
Мирлан Атабаев-
Хулкар Исамова-
Бекмурза Эргешов-
Бекболот Арзибаев-
Бактиярхан Турсунбаева-
Медербек Мырзабеков-
Нурбек Исмаилов-
Дамира Абдибаева-
Жохонгир Сайфуллаев-
Салман Назылбеков (№29 болгон)Азамат Төлөнов
Айгүл Караева-
Замирбек Толубаев-
Дөөлөтбек Көкөчоров (№20 болгон)Болотбек Баетов
Уларкан Акматова-
Алтынбек Зайнидинов-

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге таандык делген «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы Ош шаардык кеңешке Сонунбек Жунусбаевди лидер катары көрсөткөн. Ал «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси. Бирок шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин Жунусбаевдин ордуна тизмеде №43чү болгон Элдар Сулайманов келди.

Ал эми партиянын тизмесинде №2 болгон шаардык кеңештин экс-депутаты Жыргалбек Тажибаев ордун тизмеде №26чы турган Мелис Жусуповго берди. Жусупов «Эмаком» курулуш компаниясынын башкы директору — аталган компания Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды салганы айтылып келет.

Спортчу Азамат Төлөнов №14чү ордун Ош шаардык кеңештин депутаты Салман Назылбековго берген — ал тизмеде №29 болгон. Ош шаардык кеңештин депутаттары Назылбековду 2-августта төрага кылып шайлады.

ТЕМА БОЮНЧА: Ош шаардык кеңештин төрагасы болуп Салман Назылбеков шайланды

Ошондой эле адвокат Болотбек Баетовдун №17 орду №20чы болуп турган Дөөлөтбек Көкөчөровго өткөрдү. Көкөчөров «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси.

«Биздин Кыргызстан»

Мандат алгандарАлышы керек болчу
Арстанбек Эркин уулу (№65 болгон)Медербек Абдыманапов
Шайырбек Нуранов-
Назима Алмазбек кызы-
Улан Каналиев (№5 болгон)Темирбек Абдыкалыков
Нуркыз Кадырбек кызы (№6 болгон)Улан Каналиев
Ильяз Турдуев (№89 болгон)Нуркыз Кадырбек кызы
Бексултан Үсөнов (№64 болгон)Нуржигит Раимов
Аида Раимбердиева (№12 болгон)Бектурсун Маманов
Автандил Эркинбаев (№79 болгон)Жамал Ормонова
Канжарбек Мамашев (№67 болгон)Шумкар Пазылов
Айпери Ашимжан кызы (№36 болгон)Абдисаит Каримбеков
Алымбек Мамитбаев (№89 болгон)Аида Раимбердиева
Илияз Абдрахманов (№46 болгон)Нурсейит Муратов
Айжан Манап кызы (№39 болгон)Өмүрбек Жолдошов
Канат Папишев (№80 болгон)Айжана Эрмекбаева

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-июлда «Биздин Кыргызстан» партиясын «добуштарды сатып алуу фактыларына тиешеси бар» делген жүйөөлөр менен шайлоодон четтетип, добуштарын жараксыз деп тапкан. Бирок партия сот аркылуу БШКнын чечимин жокко чыгарып, Ош шаардык кеңешке келген.

«Биздин Кыргызстан» шайлоого «Youth of Osh» уюмунун программдык менеджери Медербек Абдыманаповду лидер кылып барышкан. Анткен менен Абдыманапов мандатка ээ болгон жок, анын мандатын тизмеде №65чи болуп турган «жумушсуз» Арстанбек Эркин уулу алды.

Ал эми партиянын тизмесиндеги Улан Каналиев, Нуркыз Кадырбек кызы жана Аида Раимбердиева ансыз деле мандат ээ болушмак — алар алгачкы тизмеде биринчи 15 талапкердин катарында болушкан.

Ошондой эле Ош шаардык кеңешке «Биздин Кыргызстандын» тизмесинин аягында болгон бир нече талапкер мандат алышты. Алардын арасында Ош технологиялык университетинин мугалими Ильяз Турдуев (№89), «СпецГидро» курулуш компанияснын негиздөөчүсү Автандил Эркинбаев (№79), «Ак-Бата» акционердик коомунун аткаруу директору Алымбек Мамитбаев (№89) жана «Каганат Инвесттин» жетекчисинин кеңешчиси Канат Папишев (№80) бар.

*«Каганат Инвест» ишкер Нурбек Осмоновго таандык, анын бир тууганы Айбек Осмонов «Биздин Кыргызстандын» негиздөөчүсү. Холдингдин ичинде «Ихлас» («Кыргыз Каганат») курулуш компаниясы, Оштогу электромобил чыгаруучу «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз Текстиль ЛТД» бар.

Буга чейин «Биздин Кыргызстан» катарында №9чу болгон Жамал Ормонова укук коргоочуларга кайрылып, ал тизменин аягына жылдырылып калганына даттанган. Ормоновадан сырткары №15чи орунда турган Айжана Эрмекбаева да жылдырылган — партиянын лидери алардын ордуна башка аял-талапкерлер келе турганын билдирген. Анткен менен аялдардын мандатын Эркинбаев жана Папишев алышты.

Ошондой эле Ош шаардык кеңешке келген Бексултан Үсөнов (№64), Канжарбек Мамашов (№67), Айпери Ашимжан кызы (№36), Илияз Абдырахманов (№46) жана Айжан Манап кызы (№39) жумушсуз экени көрсөтүлгөн.

«Улуттар биримдиги» жана «Бир Бол»

Мандат алгандарАлышы керек болчу
Абдижапар Аккулов-
Хашим Ахмаджанов-
Нурила Самиева-
Максатбек Маматкулов (№28 болгон)Алимбек Мавлянов
Данияр Абдуллаев (№34 болгон)Фахриддин Нематов
Роза Жоошбаева-
Нурлан Мурзахмедов (№29 болгон)Мамир Абдуллаев

Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов негиздеген «Улуттар биримдиги» болгону жети мандатка ээ болуп, үч талапкерин алмаштырган.

Шаардык кеңеште мандатка «жумушсуз» деп көрсөтүлгөн Максатбек Маматкулов (№28), Данияр Абдуллаев (№34) жана Нурлан Мурзахмедов (№29) ээ болушкан. Алар «ТП Холдинг Датка» ЖЧКсынын вице-президенти Алимбек Мавлянов, Абдуллаев атындагы мектептин мугалими Фахриддин Нематовдун жана Мамир Абдуллаевдин ордуна келишти.

Ал эми төрт мандатка ээ болгон «Бир Бол» партиясы «жумшак рейтингди» колдонгон эмес — мантаттар партиянын алгачкы тизмесинде көрсөтүлгөн Эсенбек Арзиев, Нурислом Каримов, Айгүл Салиева жана Кушбак Шайиев ортосунда бөлүштүрүлдү.