Ош шаардык кеңештин төрагасы болуп Салман Назылбеков шайланды

Салман Назылбеков. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ош шаардык кеңешинин төрагасы болуп Салман Назылбеков шайланды. Ал 11-июлда өткөн шайлоодо «Ата-Журт-Кыргызстан» партиясынан шаардык кеңешке депутат болуп келген.

Шаардык кеңештин биринчи сессиясына катышкан 44 депутаттын баары бир добуштан Назылбековдун талапкерлигин төрагалыкка жактырды. Ал аталган кызматка жалгыз талапкер болуп катталган.

Ошондой эле, Назылбековдун орун басарлыгына «Биздин Кыргызстан» партиясынан депутат Шайырбек Нуранов шайланды.

Назылбеков тууралуу ачык булактарда маалымат аз. Анын уулу Жунус Назылбеков «Дархан Пласт» ЖЧКсынын негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн. Аталган ишкана темир эшиктерди жана терезе алкактарын чыгарат.

Салман Назылбеков — 51 жашта. Ал буга чейин шаардык кеңешке «Кыргызстан» партиясынан депутат болгон. Адистиги боюнча инженер-куруучу. КУУда юриспруденция боюнча билим алган.

Ош шаардык кеңешинде жалпы 45 мандат бар. 11-июлда өткөн шаардык кеңештерге кайра шайлоодо «Ата-Жур-Кыргызстан», «Кыргызстан», «Улуттар Биримдиги» жана «Бир Бол» партиялары шайланып келген.

Партиялар арасында мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: «Ата-Жур-Кыргызстан» партиясы — 19, «Кыргызстан» — 15, «Улуттар Биримдиги» — 4, «Бир Бол» партиясы — 4 мандат.