«Биздин Кыргызстан» партиясы БШКны Жогорку соттон да утту

«Биздин Кыргызстандын» Ош шаарындагы талапкерлери. Сүрөт: «Клооп»

Жогорку сот Бишкек шаардык административдик сотунун чечимин күчүндө калтырып, «Биздин Кыргызстан» партиясын Ош шаардык кеңешке кайтарды. Бул тууралуу партиянын негиздөөчүсү Айбек Осмонов 30-июлда кабарлады.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-июлдагы отурумунда Ош шаардык кеңешке өткөн «Биздин Кыргызстан» партиясынын алган добуштарын жараксыз деп таап, партиянын каттоосун жокко чыгарган. Буга партиянын добуштарды сатып алууга тиешеси бар экени негиз болгону айтылган.

Укук коргооо органдары «Биздин Кыргызстан» боюнча үч добуш сатып алуу фактысы тергелип жатканын билдиришкен. Ал эми партиянын өкүлү бул фактылардын бирөөсү гана аларга тиешеси бар болгонун айткан.

Партия мүчөлөрү буга нааразы болуп, чечимди «саясий буйрук» деп аташкан. Алардын айтымында, БШК «Биздин Кыргызстанды» четтеттүү жөнүндө чечим кабыл алганда «конкреттүү, жүйөөлүү далилдерди көргөзө алган эмес». Мындан улам партия БШКнын чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылган болчу.

Ал эми Бишкек шаардык соту партиянын арызын канааттандырган. Көп өтпөй БШК бул чечимди Жогорку сотко даттанган болчу.

11-июлда өткөн кайра шайлоодо «Биздин Кыргызстан» шайлоочулардын 32% добушун алып, 15 мандатка ээ болгон. Ошондой эле «Ата-Журт Кыргызстан» 19 мандат, «Улуттар биримдиги» 7 мандат жана «Бир Бол» 4 мандат алган.