Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары менен жолугушуу үчүн Түркмөнстанга барат

Президент Садыр Жапаров 5-6-августта Түркмөнстанда өтө турчу Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

«Жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелерин, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашат», — деп жазылат билдирүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен Борбор Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат. Ошондой эле Жапаров эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары, президентти коштоп барган кыргыз делегациясы экономикалык жана лидер аялдардын форумуна, ошондой эле Борбордук Азиянын улуттук өндүрүштөгү товарларынын жана улуттук тамактарынын көргөзмөсүнө катышат.

Жапаров 2021-жылдын 28-июнда дагы расмий иш сапары менен Түркмөнстанга барган. Ал өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ошондой эле Жапаров түркмөн бизнесинин өкүлдөрү менен да жолуккан.