AstraZenecaны колдонуу токтотулду: төрт аскердин дене табы түшпөй жатат

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында коронавируска каршы AstraZeneca менен эмделген аскер бөлүктүн 90 жоокеринин төртөө вакцинанын кыйыр таасирине учурап, аны колдонуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 6-августта кабарлады.

Маалыматка ылайык, аскерлер 5-августта эмделген. Андан кийин төрт кишинин дене табы 39 градустан ашып, баш ооруу пайда болгон.

«Дагы 40 аскердин дене табы 37,1-38 градуста кармалып турган. Мындан улам вакцина алган дагы 44 аскер медкызматкерлердин кошумча байкоосуна алынды. Учурда бардык бейтаптардын абалы туруктуу, аларга байкоо салып жатабыз», — деп билдирди министрлик.

Министрлик билдирүүсүндө Жалал-Абад облусуна AstraZenecaнын 4 миң дозасы бөлүнгөнүн кошумчалаган.

Кыргызстанга AstraZenecaнын 40 миң дозасын Азербайжан бийлиги гумжардам катары берген. Кийинчерээк COVAX программасы аркылуу дагы 226 миң 560 доза жеткирилген.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кыйыр таасир вакцинадан же башка факторлордон улам болдубу так маалымат жоктугун айтты. Мындан улам министрлик бул вакцина менен эмдөөнү убактылуу токтотту.

Кыргызстан жана AstraZeneca

Буга чейин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстан COVAX программасы боюнча 1,2 млн доза англо-шведдик AstraZeneca вакцинасын алаарын билдирген.

Марттын башында Германия жана Франция баштаган бир катар Европа өлкөлөрү бул вакцина менен эмдөөнү токтоткон. Буга эмдөөдөн кийин айрым адамдарда тромб пайда болгону себеп болгон.

Ал эми Евробиримдиктеги эмдөөнү координациялаган Европанын дары-дармек каражаттар агенттиги (EMA) жана ДССУ азырынча адам өлүмүнө вакцина себепкер болгону далилденбегенин, андыктан AstraZeneca вакцинасы менен эмдөөнү улантууга болот деп жарыялаган.

Анда Кыргызстан экспертизанын жыйынтыгын күтүп, андан соң гана аталган вакцинаны алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарууну чечкен. Ал эми 22-мартта Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Глобалдык эксперттик комиссиясынын AstraZeneca вакцинасы боюнча корутундусун алган.

ДССУнун эксперттик тобу AstraZeneca вакцинасынан кийинки терс таасирлер адамдын коштоочу оорулары болсо гана пайда болот деп эсептейт. Алар AstraZeneca менен эмделүүнү сунушташкан. Кыргызстанда эмдөө кампаниясы марттын аягында башталган.

5-августка карата өлкөдө 505 миң киши эмдөөдөн өткөн — анын 135 миңи вакцинанын экинчи дозасын алган. Кыргызстанда кытайлык Sinopharm, орусиялык Спутник-V жана англо-шведдик AstraZeneca вакциналары колдонулуп жатат.