Кыргызстанга Азербайжандан AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасы келди

Кыргызстанга Азербайжандан гуманитардык жардам катары AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасы келди. Бул тууралуу 16-июлда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жүктү «Манас» аэропортунан тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев тосуп алды.

«Бул азербайжандык өнөктөштөр тарабынан Кыргызстанга жиберилген биринчи гуманитардык жардам эмес. 2020-жылдын апрель айында 64 тонна медициналык жана антисептикалык каражаттар алынган», — деп белгилешти ТИМден.

Республикалык штабдан AstraZeneca вакцинасы менен 18 жаштан жогору каалоочулардын баары эмделсе болоорун кошумчалашты. 1 жана 2-дозанын ортосундагы аралык 4-12 аптаны түзүшү керек.

Кыргызстан жана AstraZeneca

Буга чейин саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстан COVAX программасы боюнча 1,2 млн доза англо-шведдик AstraZeneca вакцинасын алаарын билдирген.

Марттын башында Германия жана Франция баштаган бир катар европа өлкөлөрү бул вакцина менен эмдөөнү токтоткон. Буга эмдөөдөн кийин айрым адамдарда тромб пайда болгону себеп болгон.

Ал эми Евробиримдиктеги эмдөөнү координациялаган Европанын дары-дармек каражаттар агенттиги (EMA) жана ДССУ азырынча адам өлүмүнө вакцина себепкер болгону далилденбегенин, андыктан AstraZeneca вакцинасы менен эмдөөнү улантууга болот деп жарыялаган.

Анда Кыргызстан экспертизанын жыйынтыгын күтүп, андан соң гана аталган вакцинаны алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарууну чечкен. Ал эми 22-мартта Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Глобалдык эксперттик комиссиясынын AstraZeneca вакцинасы боюнча корутундусун алган.

ДССУнун эксперттик тобу AstraZeneca вакцинасынан кийинки терс таасирлер адамдын коштоочу оорулары болсо гана пайда болот деп эсептейт. Алар AstraZeneca менен эмделүүнү сунушташкан.Кыргызстанда эмдөө кампаниясы марттын аягында башталган.