Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 226 миң 560 дозасы келди

30-июлда Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 226 миң 560 дозасы келди. Бул вакцинанын биринчи бөлүгү, жалпысынан өлкөгө AstraZenecaнын 2,6 млн дозасынын келүүсү күтүлүүдө.

Вакциналарды кабыл алуу аземине катышкан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Эмдөө боюнча глобалдык альянска, ЮНИСЕФке, жана COVAX механизмине катышкан өлкөлөргө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал кыргызстандыктарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

*Кыргызстан 2020-жылдын сентябрь айында COVAX платформасынын мүчөлүгүнө кирген — анда жалпысынан 190 өлкө бар.

«Эми ар бир жаран туура чечим кабыл алуусу керек: вакцина алуу менен биз жакындарыбыздын өмүрүн сактап, COVID-19дан коргоп калууга жардам беребиз», — деди БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело.

Ал эми Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр Кыргызстанга келе турган AstraZeneca вакцинасынын 2,6 дозасы кыргызстандыктардын 20 пайызын коронавирустан коргой турганын белгиледи.

AstraZeneca вакцинасын Европа биримдигинде 49 млнго чукул адам алган. Кыргызстанда бул вакцина менен 1 285 киши гана эмделди.

Буга чейин COVAX механизминин алкагында апрель-июль айларында Кыргызстанга 2 млн 617 миң шприц жана коопсуз утилизациялоо үчүн 25 миң 800 бокс алынып келинген. Мындан сырткары август айында өлкөгө вакциналарды үчүн 196 тоңдуруучу камера жана 86 аралаш муздаткычтын келүүсү күтүлүүдө — алар ЮНИСЕФ жана GAVI уюмдарынын жардамы менен жеткирилет.

Республикалык штабтын маалыматына ылайык, 31-июлга карата жалпысынан 433 555 киши эмдөөдөн өткөн — анын 116 144ү экинчи дозасы менен. Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар Sinopharm, Спутник-V жана AstraZeneca вакциналары менен эмделүүдө.