Алга Кылычевге кол салууга шектелип Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кармалды

7-августта Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Темиркулов милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, тергөө аяктаганча убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Кой-Таш ишинин фигуранты Алга Кылычевди бутка аткан деп шектелүүдө. Жабырлануучу Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.

Сүрөт: Ленин РИИБнин басма сөз кызматы.

Милиция кызматкерлери шектүү депутат бир огу менен травматикалык тапанчаны өз ыктыяры менен өткөрүп бергенин билдирди.

Сүрөт: Ленин РИИБнин басма сөз кызматы. 

«Ээнбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Таалайбек Темиркулов — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү делген «Социал-Демократтар» партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр да ушул партиядан шаардык кеңешке депутат болгон.

Таалайбек Темиркулов.

Милиция эмне дейт?

Райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, 7-август күнү саат 06:55 чамасында милицияга билдирүү келип түшкөн. Анда «Ак-Ордо» конушунда октон жаракат алгандар бар экени кабарланган. Укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерге барганда, жабырлануучуну тез жардам унаасы Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып кеткени белгилүү болгон.

«Буга байланыштуу жабырлануучуну окуя тууралуу сурамжылоого мүмкүн болгон жок. Бирок, үйдө анын аялы бар экен. Ал күйөөсү Алга Кылычев Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын бири Т.Т. менен телефон аркылуу айтыша кеткенин түшүндүрдү. Көп өтпөй Т.Т. атуу киши ак түстөгү унаасы менен алардын үйүнө келип, Кылычевди көчөгө чыгуусун суранган», — деп билдиришти милициядан.

Кылычевдин аялынын айтымында, ал да күйөөсүнүн артынан чыккан, бирок ал үйгө кирүүсүн талап кылган. Арадан он мүнөт өткөндө атылган октун үнүн угуп чуркап чыккан — ал кезде күйөөсү кансырап жаткан. Ал эми Темиркулов унаасына чуркап барып, катуу ылдамдыкта айдап качып кеткен.

Мушташтын видеосу

7-август күнү кечинде социалдык тармактарда жеке менчик үйлөрдүн тушунда болжолу Кылычев менен Темиркулов мушташып жаткан видеосу тарай баштаган.

Айрым ЖМКнын маалыматына караганда, Кылычев 7-августка караган түнү таанышынын унаасына таш ыргыткан. Андан кийин алардын ортосунда уруш чыккан. Кылычев мас абалында экени белгиленген.

Султанбеков мушташ тууралуу эмне дейт?

Ошол эле учурда Kaktus.media басылмасы күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, мушташ болгон жерде «Социал-Демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков да болгонун жазды. Бирок саясатчы ал түнү өзү дагы, Темиркулов дага Кылычевдин үйүнө барбаганын билдирди.

Темирлан Султанбеков.

«Мен Алга Кылычев менен телефон аркылуу байланыштым. Ал жээнбековчулар жалган маалымат таратканы үчүн мушташканын айтты. Мен жаңжалдын маанисин түшүнгөн жокмун. Мен азыр ошол жакка бара жатам, маалыматты тактайм», — деп кошумчалады ал.

Кылычев деген ким?

Алга Кылычев — Атамбаевдин «Элдик штабда» иштеген тарапташы. Ал 2019-жылы августта Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясы штурмга алгандан кийин кармалган. Кылычев эки ай ТИЗО-1де, андан кийин дагы бир жарым ай убактылуу кармоочу жайда кармалган.

2019-жылдын октябрында ал укук коргоо органдары менен кызматташуу келишимине кол коюп, мурдагы президенттин башка тарапташтарына каршы көрсөтмө бергенден кийин үй камагына чыгарылган.

Бирок, ноябрь айынын башында Кылычев укук коргоо кызматкерлеринин кыйноолору менен коркутууларынан улам кызматташуу келишимине кол коюуга аргасыз болгонун айтып, тергөө менен кызматташуудан баш тарткан.