13-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уурдалып киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын иши боюнча кезектеги сот отуруму болду. Сот бул ишти бир нече айдан бери карап жатат, бирок отурумдар ар кандай себептерден улам жылдырылып келген.
Бул иш боюнча тергөө киши уурдоого катышкан деп эсептеген беш киши айыпталуучу катары өтүп жатат.
Отурумда эмне болду?
Отурумда Айзада Канатбекованын өлүм убактысын аныктоо негизги маселе болду. Бул үчүн соттук-медициналык эксперт чакыртылды.
Бирок, анын айтымында, кыздын сөөгү киши колдуу болгон учурдан бир суткадан ашып кеткенден кийин алып келингендиктен так өлүм убактысын аныктоого мүмкүн болбой жатат.
«Биздин методика боюнча эгерде бир суткадан ашуун убакыт өтүп кетсе, биз [өлүм убактысын] аныктай албайбыз [...] Корутундуда “өлүм сөөк изилденип жатканда бир суткадан ашуун убакытта болгон” деп жазылган», — деди ал соттук отурумда.
Анын айтымында, кыздын сөөгү моргго 7-апрель күнү кечинде жеткирилген.
*Айзада Канатбекова 5-апрелде эртең менен уурдалган. Анын сөөгү эки күндөн кийин табылган. 7-апрелде саат 13:14тө Аламүдүн РИИБне мал жайып жүргөн чабан — Чоң-Таш айылынын тургуну чалган. Ал Чокморов (Чоң-Таш) жана Арашан айылдарынын ортосунда Honda Civic турганын кабарлаган.
Чабандын айтымында, ал унааны талаадан 5-6-апрелде да көргөн, бирок баткакка тыгылып калган унаага окшотуп маани берген эмес.
Ал эми жабырлануучу тараптын жактоочусу Нурбек Токтакунов соттук-медициналыкк эксперттен эмне себептен ал отурумда айткан маалыматын өз корутундусунда көрсөткөн эмес деп сурады.
«Өлүм убактысы бул жерде [корутундуда] көрсөтүлбөгөнү бул менин катам», — деди эксперт.
Токтакуновдун пикири боюнча, жабыр тарткан тарап бул атайын жасалган деп шекшип жатат.
«Алгач өлтүрдү деп чечим чыгарышкан, тактап айтканда Замирбек Теңизбаевге карата ишти токтотушкан. Өлтүргөн киши ошол деп чечип, анын негизинде [ишти токтотушкан]. Бирок өлүм убактысы аныкталбаса кантип алар кандайдыр бир чечимдерди кабыл ала алышат эле?» — деп айтып берди адвокат «Клоопко».
Мындан сырткары, отурумда судья экспертизанын жыйынтыгы боюнча айыпталуучулар кармалгандан кийин алардын денелеринде жаракаттар жана көгөргөн жерлери аныкталбаганын маалымдады. Анын айтымында, бул айыпталуучулар милиция тарабынан ур-токмокка алынбаганын далилдейт.
Ошондой эле, отурумда судья психиатриялык экспертизанын корутундусун окуп берди. Анын айтымында, айыпталуучулардын бири — Сыймык Молдосариев «кем акылдык, артта калгандык көрүнүштөгү өнөкөт-психикалык оорусунан» жабыркайт.
Бирок эксперттер корутундусунда айыпталуучу буга карабастан кылмыш жасап жатканда эмне кылып жатканын түшүнгөн, өзүн башкара алмак, ошондуктан «аны акыл эси ордунда деп эсептөө керек» деген бүтүм чыгарган. Судьянын айтымында, шектүүлөрдүн калган төртөөсүндө эксперттер психиатриялык экспертизадан кийин эч кандай ооруу же жабыркоолорду тапкан эмес.
13-августтагы отурумда сот иштин материалдарын изилдеп бүттү. Кийинки отурум 6-сентябрга дайындалды, ал жерде эки тараптын жарыш сөзү болот.
Бул иштин биринчи отуруму кандай өткөнүн бул жерден, ал эми экинчи жана үчүнчү отурумдар тууралуу бул жактан окуй аласыз. Төртүнчү отурумду кененирээк бул жерден, ал эми бешинчи отурумду бул жерден окуй аласыз.
Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү
Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы саат 5те уурдалган. Арадан эки күн өткөн соң, 7-апрелде Бишкектин чет жакасындагы талаадан чабан машинаны байкап ал жерден кыздын, ал эми жанында аны уурдап кеткен адам Замирбек Теңизбаевдин сөөгү табылган. Милиция Теңизбаев кызды муунтуп, андан соң өз жанын кыйганын билдирген. Кийинчерээк Теңизбаев Айзаданы өлтүрөөр алдында зордуктаганы белгилүү болгон.
Айзада Канатбекованы уурдоого беш адам жардам берген — эки жолу соттолгон Кубаныч Токон уулу менен Замирбек Раманкулов, бир жолу соттолгон Ажикабыл Рысбай уулу, кылмыш жообуна тартылган Орозбек Нурумбетов жана буга чейин бир да жолу сот жообуна тартылбаган Сыймык Молдосариев.
Айыпталуучулардын баарына «Алдын ала сүйлөшүп алуу менен адамдардын тобу менен уурдоо» беренеси боюнча айып тагылууда.Орозбек Нурумбетов күнөөсүн толук мойнуна алды. Раманкулов күнөөсүн мойнуна алган жок, калган шектүүлөр күнөөсүн жарым-жартылай моюндашты.