Адвокат Айзаданы уурдагандардын ичинен эмне үчүн бирөөсү гана күнөөнү мойнуна алганы тууралуу

Адвокат Нурбек Токтакунов маркум Айзада Канатбекованы уурдагандардын көрсөтмөлөрү тууралуу айтып берди. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Айзаданын уурдалышы боюнча сот отуруму уланууда.

Уурдагандардын бирөөсү гана күнөөнү толугу менен мойнуна алган.

«Көбү күнөөлөрүн жарым-жартылай мойнуна алды. Бирөөсү таптакыр эле моюндабай койду. Эмне болуп жатканын таптакыр билбептир. Арасынан бирөөсү эле күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Мен бирөөсү баарын мойнуна алып, калгандарын калкалап жаткандагы классикалык схема болуп жатат деп ойлойм. Сот көрсөтмөлөрдөгү карама-каршылыктарды текшерет деп ойлойм», — деди юрист.

Сот отурумунда айыпталуучулар судьяны Айзада Канатбекова менен аны өлтүргөн, мурда үч жолу соттолгон Замирбек Теңизбаев үйлөнүшмөк деп ишендирүүгө аракет кылышты. Ошол эле учурда Теңизбаев Айзаданын артынан аңдып, кыз өлкөдөн чыгып кетүүгө камынып жүргөнү белгилүү.

«Замирбек Теңизбаев Айзада менен жолугушуп жүрөм, кыздын ата-энеси бардыгын билишет деп айткан. Ал телефонунда чогуу түшкөн сүрөттөрдү көрсөткөн», — деп айткан уурдап качууга көмөктөшкөн Замирбек Раманкулов. Ал күнөөсүн мойнуна албай жатат, бирок мурда жарым-жартылай күнөөсүн мойнуна алган. Ал нес абалда болгонун айтууда.

Раманкулов кызды мажбурлап никеге туруу үчүн ала качып жатышканын билген эмесмин деп көшөргөн. Бирок видеодо кызды жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден кармап, күч менен унаага салып кеткенин көрүүгө болот.

Уурдагандардын бири Орузбек Нурумбетов күнөөсүн толугу менен мойнуна алган, ал кыз уурдай турганын билген. Бирок Канатбекованы өлтүргөндөн кийин өз жанын кыйган Теңизбаев эки жылдан бери кыз менен сүйлөшүп жүргөнүн айтып ишендирген жана жабырлануучу унаада баратканда ызы-чуу кылбай, тынч эле отурганын айткан.

«Алардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, алар 5-апрель күнү таң эрте Ош базарында ашканадан таптакыр эле күтүүсүз жерден жолугуп калышкан экен, андан кийин бардыгы машинага отуруп алып Медеров көчөсүнө барышкан, ошол жерден анан уурдоо болгон», — деп билдирди маркум кыздын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Нурбек Токтакунов.

Адам уурдаган Замирбек Раманкулов менен Кубаныч Токон уулу буга чейин эки жолу соттолушкан, дагы бир айыпталуучу — Ажикабыл Рысбай уулу — мурда бир жолу соттолгон. Күнөөнү толугу менен мойнуна алган Орузбек Нурумбетов дагы кылмыш жообуна тартылган, бирок иши кыскартылган.

Кызды аңдып, андан кийин уурдап барып зордуктап, андан соң аны өлтүргөн Замирбек Теңизбаев Орусияда үч жолу соттолгон, андан кийин Кыргызстанга депортацияланган. Кыргызстанда 2019-жылы ага каршы зордуктоо фактысы боюнча арыз жазылган — муну милиция дагы бышыктаган. Теңизбаев өз жанын кыйып салгандыктан Айзада Канатбекованы өлтүрүү боюнча иш токтотулган.

Айзаданын апасы тууралуу фильмди көрүп чыгыңыз — ал кызын уурдагандарды милиция кантип издегенин жана Теңизбаев Айзаданын артынан кантип акмалап жүргөнүн айтып берген.

Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы саат 5те уурдалган. Кылмышты көчөдө илинген камералар тартып калган — машинанын номери жана канча киши уурдаганы белгилүү болгон. Уурдалган кыздын үй-бүлөсү ала качкандардын бирөөсүн тааный турганын билдирген — ал кыздын артынан түшүп, мажбырлап никеге туруу үчүн мурда дагы уурдоого аракет кылган.

Арадан эки күн өткөн соң, 7-апрелде Бишкектин чет жакасындагы талаадан чабан машинаны байкап ал жерден кыздын, ал эми жанында аны уурдап кеткен адамдын сөөгү табылган. Милиция Теңизбаев кызды муунтуп, андан соң өз жанын кыйганын билдирген.

Кийин Айзаданын апасынын адвокаты Нубек Токтакунов экспертиза Канатбекова зордукталганын аныктады деп билдирген.