Бишкек: Никеге мажбурлап тургузуу үчүн уурдалган Айзаданын сөөгү табылды

Бишкек шаарында эки күн мурун уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү Аламүдүн районундагы талаадан табылды. Бишкек ШИИБиден алдын ала маалыматтар боюнча, аны уурдоого шектелген киши кызды муунтуп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгонун билдиришти.

Аламүдүн РИИБиге 7-апрелде Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаа табылганын, анын ичинде аялдын жана эркектин сөөгү жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге милиционерлер барып Honda Civic үлгүсүндөгү унааны жана Канатбекова менен 30 жаштагы кишинин сөөгүн табышкан.

Бишкек шаарынын Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде 5-апрелде таңкы 7:00 чамасында 1994-жылкы кыз уурдалган. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы кабарлап, кыз изделип жатканын билдиришкен.

Окуя видео байкоочу камерага түшүп калган. Анда кыздын жанына белгисиз киши келет, андан кийин дагы эки киши кошулуп аны мажбурлап Honda үлгүсүндөгү унаага салышат. Экөө ошол унаага отурат, калган бирөө такси кызматынын чашкасы бар унаага отуруп кетишет.

Кыздын агасы 24.kg басылмасына карындашы акыркы жолу байланышка 18:00 чыкканын, андан кийин байланыш үзүлгөнүн кабарлаган. Буга чейин анын тынчын 30 жаштагы киши алып жүргөнүн билдирген.

Аталган факт боюнча «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылган болчу.

Статистикага ылайык, Кыргызстандагы ар бир 17-кыз эркине каршы ала качылган. Эки жыл мурун ала качууга кабылган Бурулай Турдалы кызы каза тапкан. Анын өлүмүнө мажбурлап никеге тургузууну каалаган Марс Бөдөшөв күнөөлүү деп табылган. Ал соттун чечими менен 20 жылга кесилген.

Ал эми Жазык кодексинде адамды мажбурлап никеге тургузгандарга 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?