COVID-19: Алты киши каза болду, 520 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 14-августта өлкөдө коронавирустун 520 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 299;

Чүй облусунда — 88;

Ысык-Көл облусунда — 39;

Жалал-Абад облусунда — 37;

Баткен облусунда — 19;

Ош облусунда — 14;

Нарын облусунда — 12;

Талас облусунда — 7;

Ош шаарында — 5.

Ошондой эле өткөн суткада 654 бейтап айыгып, алты киши каза болду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 171 758ге жетти. Оорудан 162 104 бейтап айыгып, 2 439 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 2 216 бейтап ооруканаларда, 3 591 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.